Ал жашаган мамлекет "Бактылуубуз" деп аталат экен. Бирок ал анча бактылуу боло албай жүргөнүн айтып, кокосуна сайган көйгөйлөрдү айтып берди. Тагыраак айтканда, жоопкерчиликсиз маалымат катчылардын жоругу желкесин жонуган экен. Аны угуп отуруп байкушка боорум ооруп кетти.
— Бизде "Эптеп-септеп" деген министрлик бар. Аты атагандай эле бул жакта маалымат катчылар эптеп-септеп, таш бака менен жарыша кыбырап иштейт. Жөнөкөй эле маселе менен кайрылсаң "макул, тактап берем" дейт да, "элек сураганы кеткен кыз эрге тийип кетиптир" болуп эки күнгө жоголуп кетет. "Шефи" жаза басканын сындап жазып койсоң, душманындай көрүп өчөшүп алат. Кийин телефон чалсаң албайт, кымындай эле бир маселени тактап беришин сурасаң расмий кат жазышыңды талап кылат. Жакында эле бир маселе боюнча кат жөнөткөм. Негизи мыйзам боюнча 14 күндүн ичинде жооп бериши керек. Эки-үч күндөн кийин чалсаң "эмне шашып жатасың, биздин убактыбыз бар" дегенсип кебелбей койду. Макул, сүйгөн кызым алыста жүргөндө эки ай күткөм. Муну да чыдап күтүп коёюн дедим. Бүгүн 15 күн болду, катка жооп келбеди. Чалып сурасам "ии азыр" деп анан кечке жуук жөнөттү. Булардын маалымат катчысы арамзабы же шефтери өз ишин билбейби, айтор, кууратып жатышат. Министринен интервью ала албай эки жума артынан чуркадым.
— Аа... байкуш! Ушул кантип болсун, бул эмне деген министрлик. Бизде эч качан мындай болгон эмес.
— Ой, тообо!.. Ушундай дагы маалымат катчылар болот экен. Мен керектүү маселени бир жолу чалып эле жооп алам, заматта даярдап айтып беришет.
— Бизде дагы "Кечиккен махабат" деген министрлик бар. Анын маалымат катчылары ыкчам иш бүтүргөндү билбейт. Дайым сураган маалыматыңды "таз таранганча той таркайт" кылып кечиктирип жөнөтөт. Телефон аркылуу көбүрөөк сүйлөшкөндөн уялышат. Аларга кооз кылып сүйүү каттарын жиберишиң керек. Анда да назданган тейде бери жагы 10 күн, ары жагы бир айда жооп жазат. Мейли эми, кыз кылыгы менен бааланат да. Бирок азыраак наздансаңар жакшы болмок. Минтип отура берип кара далы болуп каласыңар. Кечиккен махабатыңарга бир өмүр арман кылып жүрбөгүлө дегим келет.
— Иий, байкушум ай, куураган экенсиң да. Биздин Кыргызстанда мындай маалымат катчыларды эбак эле кызматтан кетирмек. Негизи эле андай кызматкерлер жокко эсе. Кыйналбай кантип иштеп жатасың?
— Айтып жатам го, биз баарынан башкачабыз. Анан да "Жалкоолукту жайылтуу" деген ведомство бар. Мында иштеген маалымат катчылар жалкоолук боюнча мелдеш өтсө биринчи орунду алмак. Жада калса ордунан козголуу оор. Отурганы отурган, же тиешелүү адистердин номерин бербейт же өзү маалымат таратпайт. Берген сурооң күч келе түшсө "бул бизге тиешелүү эмес, тиги орган жооп берет" деп шылтап салат уялбай эле. Ушинтип ар кандай шылтоону айта бергенде баш чайкап отуруп калам.
— Кандай гана өкүнүчтүү...
Баса, жанымда отурган кесиптешим жөнөткөн сурамга жооп келген. Караса жооптун жарымы жок. Кайра чалса катты жөнөткөн адис бир баракты жөнөтүп, экинчи барагын жөнөтүүнү унутуп калыптыр. Кайра жөнөтүп коюшун суранса, ал адис "эмгек өргүүгө чыгып кетти" деп дагы 10 күн күтүүгө мажбур кылды. Ушу кантип болсун эми...
— Сага аябай боорум ооруп жатат. Ушунун баарына чыдаган сабырың күч экен. Мен болгондо чыдамак эмесмин.
— Эх-хх... Эмнесин айтасың. Менин "Бактылуубуз" деген өлкөм дагы деле кагаз ташымайдан арыла элек. Соңку эки жылдан бери санариптешебиз деп төш какканы менен жогору жакка кат жазганда электрондук түрдө жөнөтө албайсың. Сөзсүз бир сааттай убактыңды кетирип, кабылдамасына өзүң барып жазган катты таштап келишиң керек. Таң калам, эгер электрондук вариантын жиберип койсок принтерден чыгарганга өкмөттүн кагазы кетет деп аяп жатышабы?
Анан да биздин мамлекеттик тилден сырткары, расмий тилибиз бар. Айрым мамлекеттик мекемелердин маалымат катчылары эне тилинде сүйлөй албайт. Жазган катыңа расмий тилде жооп берип, пресс-релиз таратып отура беришет. Буга дагы бир ирет таң калып коюш керек.
— Ой менин өлкөмдүн маалымат катчыларынын баарын жаман көрбөгүлө! Арасында жакшы иштеп, сураган маалыматыңды заматта тактап бергендери да бар. Аларды өз ишине так болгону үчүн сыйлайм жана рахмат айтам!
Мага окшогон Эламанды кыйнаган маалымат катчылар, мага айтып койгулачы, эмнеге ушундайсыңар?.. Балким, шефиңер ушундай кырдаалга кептеп жаткандыр? Силер ошол мекеменин жөн гана кызматкери эмес, элдин, журналисттердин ортосундагы көпүрө экениңерди билесиңерби? Эгер ушуну жетекчилери окуп калсаңар, эске алып коюңуздарчы.
Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн