Мынчалык ызага муунган эмесмин!.. Кээ бирлердин "той" сапарынан кийинки диалог

© AFP / Paul Chiasson / POOLБетин жапкан кыз жана эркек. Архивдик сүрөт
Бетин жапкан кыз жана эркек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы коррупциялык көрүнүштөр, эл өкүлдөрүнүн акыркы кадамдары элдин нааразычылыгын жаратып, көп сын-пикирлер айтылып келет. Бул өзүнүн маңдай тери менен жакындарын багып, бала-чакасын окутуп билим берип келген ар бир жарандын көңүлүн тынчытпаган көйгөй болуп турат.

Биз Кыргызстандын орто жашаган жараны менен тартип коргоо органында иштеген кызматкердин диалогун кагазга түшүрдүк. Өзөктү өрттөгөн кеп болуптур. Анда сөз башынан болсун.

Алгач биринчи замандашыбыздын көкүрөк муңун угалы...

—Билесиңби, мен — кыргызмын. Жети атам — кыргыз. Ата-бабам ушул жерди жердеп, кылымдарды карытып келген. Мен Кыргызстанды сүйөм, жеримдин ар бир ташы, тамчы суусу, жайы-кышы, жазы-күзү ыйык.

Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо - Sputnik Кыргызстан
Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо
Советтер Союзунда төрөлүп, ал кыйраар алешем заманда торолуп, эгемендүү өлкөдө турмуш куруп, орун-очок алган мен, менин тели-теңтушум, замандаштарым башыбыздан көп эле нерсе өткөрдүк. Сүйүндүк, күйүндүк дегендей... Өлкө үчүн жүрөк да канап ыйлаган, кайра эле толкуп-ташып кубанган күндөр көп болду. Санаалаштар менен пикир келишпей, эл-жер намысы деп бет карашпай калган учурлар да кездешкен. Баары жакшы болот, кыргыз деген жөн эл эмес, касиети бар, Кудай колдойт, оңолобуз деген жаркын үмүт алдыга жетелеген.

Бирок мен кандай заман болбосун (бири-бирине ок аткан төбөлдөр, кримавторитеттердин аянтты ээлеп алышы, сел, бороон-чапкын ж.б.) эч качан, угуп жатасыңбы, ЭЧ КАЧАН корккон эмесмин! Кылым кыйырын кечкен кыргыздын келечеги үчүн мынчалык жүрөгүм ооруган эмес! Мынчалык ызага муунган эмесмин!

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы көптүн көңүлүнө туура келбесе да, "түсү ийгиден түңүлбө" дейт эмеспи, ичиндеги айрым адамдарга ишенчүмүн. Баары болбосо да кээси чын эле элдин кызыкчылыгын көздөйт, элдин келечегин оңдогонго кол тийгизет дечүмүн. Бирок эл өкүлдөрүнүн кечээки кылыгы мени жөн эле көтөрүп чапты. Мен аларга ишенгем да!..

Биз оңолбойт окшойбуз, анткени аларды убагында 2000-3000 сомго сатылып шайлаганбыз. Алар парламентке келиш үчүн калпты-чынды койгулаштырып кооз сүйлөп, биз аңырайып оозун тиктеп, анан "койчу эми, жакшынакай эле сүйлөп атпайбы, ушу жыргатат", "кудачамдын жээни эле, кой, уят, дасторкондон кантип көрүшөбүз" деп өзүбүз менен өзүбүз соодалашып, "эми добушуңду берип кой, андан эмне болуп кетет элең" деп кадыр-көңүл салгандарга баш ийип бергенбиз да.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кемтигин эмес, артыгын издейли. Журт башчылары тууралуу
Эл өкүлдөрүнө, аткаминерлерге айтаарым, буга чейин деле көп жаңылгансыңар, жаза баскансыңар, бирок айкөл эл баарын кечирип, көз жуумп, "көч бара-бара түзөлөт" деп келген эмес беле...

Коррупциялык, ага-туугандык жана "саясаттагы касың болбойт" деген мамилелерден кийин көп нерсеге көзүм ачылгандай болуп калды, ачуу чындык чыркырап мурун эле айланып-тегеренип жүрүптүр. Мен эле моюнга алчу эмес экемин.

6 жаштагы кызым бар, жакшынакай болуп чоңоюп келе жатат, анын келечеги эмне болот, кызым эмне деген өлкөдө жашайт? "Кыргызстанда эч нерсе жок, чөгүп баратат, жок болот" деп балдарын чет өлкөдөн окутуп, эс алдырып, жашатып жүргөндөрдү чын эле жактырчу эмесмин. "Өз жериңден артык эмне бар" деп. Ар деле жок экен. Өз жериңди бийлегендер үмүттү өчүрүп, өйдө болгонго эч бир мүмкүнчүлүк бербесе, айла жок ушундай кадамга барат турбайбы. Аттиң ай... Эмне деген жер, эмне деген эл эле... Кор болдуң... Биз оңолбойт окшойбуз...

Экинчи пикир. Күйүп-өчкөн үмүт...

"Күйгөн аял кошокчу" болгон замандашынын ички бугун, ызасын, безеленгенин угуп отурган тартип коргоо органдын - күч түзүмдүн өкүлү агынан жарылды.

— Ооба! Коррупцияга малынгандар, элита дегендер кыргызстандыктардын ишенимин алдады. Элдин намысы "дүрт" этип, көзү күйүп, жаалы келип, жаак тарамыштары түйүлүп турганын көрдүм... Үмүт өчүп, кайра жанып, көңүл сууп, кайра чыйралып...

Парасыз иш жылбай калган учурларды көргөндө ичимден кан өтөт. Чынын айтканда, алгач менде да "тойдум байдын кызына" деп жашоосу жакшы жактарга кетип калсак эмне болот деген ой келген. Бирок кечээ алыс жолдо терезеден айланага көз салып, Бишкекке кирип келе жатып ойго баттым. Анан ушундай жакшынакай жерди, киндик каным тамган Ата Журтумду кантип таштап кетем деген нерсе "селт" эттирди. Мен бул тоолуу, кичинекей өлкөмдү жакшы көрөм. Ар бир чөбү, дарагы, абасы, ташы — баары кымбат.

Кыргызстандын желеги көтөргөн жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоталитаризмден парламентаризмге... Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
Биздин жер эгер билген, сезген, аң-сезими жеткен адамга ата-бабаларыбыздын канына сугарылып, анан бүтүндүгүн сактап калган. Алар бир укум жерди да чоочундарга бербей, ушул күнгө көздүн карегиндей коргоп, бизге жеткирбеди. Дал ушул топуракка тер төгүп, жашоонун ысык-суугун татып, эчен кыйынчылык менен сыноону башынан өткөрүп, улутту сактап калды эле го. Ушул жерде туулган, ушул жерде кайгысын да, кубанычын да көрүп, жашап өткөн. Кыйын замандарда, кырылып калаарда да мекенин, элин таштап кеткен эмес. 

Бул жер чоочундарга зыяны тийбеген, конок келсе сактаган ашын алдына койгондон башка зыяны жок кыргыз деген эл жыттанып турат. Кыргыздын жашоосун, үрп-адатын, тамашасын, ырын, атадан-балага айтылган акыл кептерин өзүбүздөн башка эч ким түшүнбөйт. Өзүбүздөн башка ага эч ким күйбөйт да, эч ким коргоп кала албайт. Анын үстүнө мен тартип коргоо органынын өкүлүмүн. Мыйзамсыз көрүнүштөр, ичкичтер, жегичтер менен тикемен-тик туруп күрөшүү менин вазийпам.

Ач көздүгү ашкандардын, эл кадырын тебелегендердин кылыгына ичим эңшерилип турса да ушул керемет мекеним, жерим үчүн башымды байлоону чечтим. Коррупциянын аз да болсо тамырын кыюуну чечтим. Чама-чаркым канчага жетет, билбейм, бирок аракет кылам. Ач көздөргө, жер-суунун баркын билбегендерге, мекендин кадырына жетпегендерге кор кылбайм, "ме, соодала" деп салып бербейм.

Наадандыкка, насилсиздикке каршы туралы. Эгерде жеңилсек, аны да көрө жатарбыз. Бирок коррупционерлерге кармата бербейбиз. Бул сен азыр эле айтып кеткендей, чолпондой болгон, өсүп келе жаткан татынакай балдарыбыз үчүн кылган аракетибиз болот. Сенин же менин эле эмес, бардык бөбөктөрдүн жаркын келечеги үчүн жасалган кадам деп билем.

Жаңылыктар түрмөгү
0