Бейрасмий түрдө мамлекеттик кызматкерлерди атайын кызматтар, маселен, соттор, муниципалдык кызматкерлер (жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери), ошондой эле "бюджетчилер" (дарыгерлер, мугалим, милиционер жана башка кызматкерлер) жана саясий кызматтар (депутаттар, министрлер) деп бир нече топко бөлүшөт.
Бирок "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзамда баары бир аз бөлөкчөрөөк. Мисалы, эл ичинде айтылган "бюджетчи" деген түшүнүк жок, себеби мамлекеттик кызматкерлердин баары мамлекеттик казынадан маяна алат. Ошондой эле анда кызматтардын башка түрлөрү да жазылган.
Булардын баарын Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) ишке ашырат. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары мамлекеттик кызматка ашыккандарды эмнелер күтөрүн, келечектеги аткаминерлер "калп аныктагычтан" кантип өтөрүн, анан да эмнеге көп киши мамлекеттик кызматта ыкшоо тартып каларын сураштырып, кенен баяндап берүү үчүн аталган мекемеде болуп кайтышты.
Макала Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери тарабынан берилген маалыматтарга негизделди.
Мамлекеттик кызматка кантип алынат?
Мамлекеттик орган бош орундар тууралуу жарыя берет, каалоочулардын документтерин кабыл алат, төп келген талапкерлерди тандайт. Андан соң мекеме МККга тапшырык жөнөтөт, ал жакта өз кезегинде тестирлөөнүн графиги, суроолордун тизмеси түзүлөт.
Тест негизги жана предметтик бөлүктөн турат. Ар биринде 30дан суроо, баары укуктук-ченем актыларына тиешелүү. Бирок талапкер статс-катчылык кызматына аттанып турса, анда анын адабият жана экономикалык билими да текшерилет.
МКК бардык талапкерлерге тестирлөө өтө турган күн жана убагын алдын ала кабарлайт. Күн сайын эки ирет — саат 10.00дө жана 14.30да тест өтөт. Бир топко 40тан ашык киши кирбейт. Бардыгы дубалдарында жайнаган компьютерлер орнотулган кенен бөлмөдө отурушат. Кээде арасынан мурда жогорку кызматты ээлегендерди да кезиктирүүгө болот.
Тестирлөө борборунун кызматкерлери айрым учурда анча-мынча жоруктар да орун аларын айтышат.
"Ар кыл адам келет, кээде ичип алып да киргендер болот. Айрымдары тесттен өтө албай калып эстен танат, кай бирлери өздөрүн жаман сезип жатышканын шылтоолоп дагы бир мүмкүнчүлүк сурашат. Компьютерде иштөөнү билбеген адамдар да чыгат. Эч кандай документсиз келип алып, банк картасы менен катталууга чамынгандар да болот. Кечигип келгендер көп, негизи 15 мүнөт гана кечиримдүү. Кээде амалкөйлөнүп бизге бир телефонун тапшырып, экинчисин көрсөтпөй алып киришет, аларды биз аңтарып текшерүүгө акыбыз жок", — дейт тестирлөө борборунун башкы адиси Самар Ниязбаев.
Тесттин алдында талапкерлер машыга да алышат, анүчүн да өзүнчө бөлмө бөлүнгөн.
Мындай тестирлөө борборлору республиканын ар бир облустук борборунда уюштурулган, бирок компьютерлердин саны аз. Ал эми Бишкектеги кураторлор тесттин жүрүшүнө камера аркылуу көз салат.
Жыйынтыгын дароо билүүгө болот. Мамлекеттик кызматка талапкерлердин 70-75 пайызы өткөөл чегинен өтө алат. Ал эми муниципалдык жумушка кирүүнү каалоочулардын көрсөткүчү төмөнүрөөк, 50 пайыздын тегерегинде.
Эгер тестти ийгиликтүү тапшырып кетсе, анда кийинки кадам — дилбаян жазуу, андан соң баарлашуудан өтөт.
"Калп аныктагычта" текшерүү
Статс-катчылар, Эсеп палатасына, Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына, Мамлекеттик салык кызматы, Сот департаменти, МККга кызматка талапкерлер полиграф-тесттен өтүшөт. Мамлекеттик башка органдар да эгер зарыл деп табышса, мындай текшерүүдөн өтүүнү талап кылышат.
Негизинен тесттен жогорку кызматка талапкерлер өтөт.
Тестирлөө аянты чакан бөлмөдө жүрөт. Ишти атайын окутулган киши — полиграфолог тескейт. Ал бизге өз иши тууралуу купуялуулук шарты менен айтып берүүгө макул болду.
Тестти баштаардан мурун полиграфолог талапкерге аппараттын кантип иштээрин түшүндүрөт. Өз кезегинде талапкер өз өмүр баянын жана кызматка кирүү себебин айтып берет. Андан кийин ыктыярдуу макулдук жөнүндөгү формага кол коет.
Полиграф-тесттен өтүүдөн баш тартууга да болот, бирок бул туурасында мамлекеттик органга кабар берилет, алар тийиштүү бүтүм чыгарат.
"Бирөөнүн бетин ачууну көздөбөйбүз. "Коррупционерсиңби же жокпу, азыр билип коебуз" дебейбиз. Тесттен азырынча баш тарткан киши жок. Өткүсү келбеген кишилер болуп калганда, тесттин жыйынтыгы сунуш иретинде гана, кошумча жана купуя маалымат болуп саналарын түшүндүргөнүбүздө, кайра макул болушат", — деди полиграфолог.
Манжаларга, баш, ич жана көкүрөккө компьютерге туташтырылган блокко кошулган датчиктер тагылат. Система дем алууну, жүрөк-кан тамырдын активдүүлүгү жана теринин рефлекстеринин жыйынтыгын санайт.
Көпчүлүгү толкунданып турганын жашырбайт. Полиграфолог аппарат чындыкты калп деп аныктап койбошу үчүн адегенде адамдын көңүлүн жай алдырууга тийиш, анүчүн талапкер көнүп, тынчтанып кала тургандай тесттер бар.
Суроолордун тизмеси талапкер ишке кире турган мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашылат. Адатта жемкорлукка ыктар-ыктабасы, жоопкерчиликтүүбү же жокпу, тапшырган документтеринин канчалык анык экени текшерилет. Тестирлөөдө "пара" деген сөз колдонулбайт, "мыйзамсыз сый акы" деп айтылат.
"Мыйзамсыз сый акы алганын көпчүлүк моюнга алышат. Бирок жашырууга да аракет кылгандар да чыкпай койбойт, аппарат андайды дароо аныктайт. Тесттен өткөндөрдүн арасында опузалап же сатып алууга аракет кылгандар кезиге элек", — дейт адис.
Мамлекеттик органдар жиберген суроолордун саны ар кыл, бирок полиграфологдор алардын санын 10дон ашырбоого аракет кылышат, антпесе, анын натыйжалуулугу төмөндөйт. Ошентсе да талапкерге суроолор бир нече жолу кайталанып узатылат.
Полиграф-тестирлөө эмгекти талап кылган процесс, эки сааттын тегерегинде жүрөт, адатта бир күндө "калп аныктагычтан" эки киши өтөт.
Полиграфолог болуу үчүн атайын окуудан өтүү зарыл. Кол жетерлик мектептер Россия жана Казакстанда бар. Жылына адистер билимин жогорулатып турушат. Заманга төп полиграфтын орточо наркы 10 миң доллардын тегерегинде.
Кыргызстандагы мыкты жана эң начар мамлекеттик органдар
Жыл сайын Мамлекеттик кадр кызматы статс-катчылардын рейтингин түзөт, ал кандай болсо да мекеме же министрликтин ишинин көрсөткүчү деп эсептейт МККнын мурдагы директору Акрам Мадумаров (материал даярдалып жатканда ал башка кызматка которулду — ред.).
Статс-катчы — бул өзгөчө кызмат. Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарлыгы менен бир деңгээлде. Каржы жана кадрдык маселелерди тескейт, коррупция менен күрөшүүсү шарт. Мамлекеттик органдын жетекчисине баш ийип, МКК менен тыгыз кызматташат.
"Эң начар статс-катчылар Айыл чарба жана Социалдык өнүгүү министрликтеринде. Ал эми мыктылары Билим берүү жана Билим берүү министрлиги, Мамлекеттик антимонополия жана Спорт мамлекеттик агенттиктеринде иштешет. Муну мамлекеттик органдын ишине берилген баа деп да атоого болот. Көйгөйлөр болсо, демек, кадрлардын ишинде мандем бар, ал эми статс-катчынын милдети — кызматкерлер менен иш алып баруу", — деди Мадумаров.
Эмнеге мамлекеттик кызматка иштин көзүн билбегендер келип калат?
Ошондой эле бул мекемеде жарандардын кайрылуусу телефон жана электрондук почта аркылуу алынат. Бөлүмдүн кызматкерлери президенттик жана Жогорку Кеңеш аппараттарынын тапшырмасы менен пландалбаган текшерүүлөрдү жүргүзө алат.
Бөлүмдүн кызматкерлери аймактарга көп чыгышат, себеби ал жактарда мыйзам бузуулар көп аныкталат. Бөлүм жетекчиси Садыгүл Алымкулова жыл сайын мыйзам бузуулардын саны артып баратканын айтат. Ал мындай көрүнүштү муниципалдык органдардын жетекчилеринин иштин көзүн билбегендиги менен байланыштырат.
"Айрыкча айыл өкмөтүндө көйгөй көп, бул кадрлардын токтобогондугунан улам келип чыгат. Кызматка билими төмөн адамдар талапкерлигин коет, салыштырмалуулук принциби менен аларды аргасыз ишке алууга туура келет. Анан алардын дымагы өсүп, жетекчи болууга тырышат... Жаштардын каалоосу күч, бирок билим деңгээли жетишпейт. Ушундан улам мыйзам бузуулар көп. Ал тургай, жетекчилик кызматтарды милдетинен да өз укугун мыкты билгендер ээлейт", — деди Алымкулова.
Көбүнесе жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилиги кол алдындагы кызматкерлерин жазалоодо мыйзам бузулат. Кызматкер чындап эле ката кетирет, бирок тартип жазасын берүү жол-жобосу сакталбагандыктан, жаза берилбей калат.
Муниципалдык же мамлекеттик кызматкерлер билимден эч өксүбөйт, Мамлекеттик башкаруу академиясы аймактардагы кызматкерлер үчүн окутууларды байма-бай өткөрүп турат.
Эмнеликтен кесипкөйлөр да начар иштей башташат?
Акрам Мадумаров республиканын кадр тутумунда көйгөйлөр бар экендигин моюнга алат, келечегинен үмүттөндүргөн кызматкерлер да бара-бара ыкшоо тартып, демилгесиз эле ишин көнүмүш менен аткарып каларын айтып берди. Анын пикири боюнча, киши кеминде эле ар беш жылда билимин жогорулатып турууга тийиш.
Ротация жүргүзүү үчүн кызматкерлерге турмуштук шарттардын эң негизгилерин эле, айрыкча, турак жай маселесин чечип берүү керек. Бирок бюджет азырынча мындай кошумча жүктү көтөрө албайт.
Мадумаровдун айтымында, дагы бир көйгөй — кызматка жаш жана тажрыйбасыз кадрлардын дайындалышы. Анын пикиринде мындай жетекчилердин тажрыйбасы да, кол алдындагылар арасында кадыр-баркы да жетиштүү деңгээлде эмес. Ошондон улам министрлик же мекеменин иши начарлайт.
"Азыр 40 жаштамын. Эгер мага азыркыдан жогорку кызмат сунушташса, баш тартам, себеби мага турмуштук тажрыйба зарыл. Жаштардын артыкчылыгы — алар тайманбайт, катачылык кетирүүгө акысы да бар. Бирок натуура чечимдерди чыгарып коюшу мүмкүн", — деп эсептейт Акрам Мадумаров.
Мекеме андай көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча курс ачып, аларды чечендик чеберчиликке да үйрөтүүнү көздөөдө. Бирок кадрлардын ишин сапаттуу уюштуруу көбүнесе өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдан көз каранды.
Азырынча МКК өзгөрүүнү өзүнөн баштап, жаңы имарат алып, аны оңдоп-түзөп, көчүп кирди.