Кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

9-май бейшемби күнгө туура келет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Келерки жумадагы иш күн үч күнгө гана созулат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктар келерки жумада төрт күн катары менен эс аларын эскертти.

"9-май бейшемби күнгө туура келип, дем алыш күн болуп саналат. Ал эми 5-май жекшембиге туура келгендиктен 10-майга (жума) жылдырылды", — деп министрликтен маалымдашты.

Ал эми 11 жана 12-май ишемби, жекшемби дем алыш күндөрү болмокчу.