Албууттанган "Фани" циклону Индияга жетти. Видео

Синоптиктер бул бороон Бангладешке чейин барышы мүмкүн экенин айтууда.
Sputnik

Индиянын Орисса штатына "Фани" циклону башталып, миллиондон ашуун жергиликтүү тургун башка жакка жиберилди. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Штат жетекчиси калган тургундарга үйдөн чыкпай турууну сунуштады. Ориссе штаты боюнча бул күндөрү 220 темир жол каттамы токтотулду. Ошондой эле жуманын аягына чейин аба майдандары жабылмай болду.

Батутту балдар менен кошо шамал учуруп... Кытайдагы окуянын видеосу
"Фани" — Бенгалия булуңунан нөшөрлөгөн жаанды алып келе жаткан циклон. Андагы шамалдын ылдамдыгы саатына 200 километрге жетүүдө. Адистердин айтымында, бул аталган аймакта 2014-жылдан берки эң күчтүү циклон.

YouTube тармагына Ориссанын жээгинде бороон-чапкын болуп жаткан учурдун видеосу жарыяланды.

RT басылмасы синоптиктерге таянып, циклон Бангладешке чейин жетиши мүмкүн экенин жазды.