БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлгөн Илзат Ахмедов ЦСКА курама командасынын жарым коргоочусу катары Европа-2020 чемпионатынын тандоо турларындагы беттешке чыкты.
Россиялык оюнчулар Бельгиянын курамасы менен беттешип, 1:3 эсебинде жеңилип калышты.
РФ курама командасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов Ахметов жакшы оюн көрсөткөнүн белгилеп, дагы да машыгуусу керектигин айткан.
Россиянын оюнчулары эми Казакстандын курамасы менен 24-мартта Астана шаарында беттешет.
Илзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашында негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген.
Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өткөн. Ошондой эле ал Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун катарына кирет.