Ош: аялынын өлгөнүн эч кимге айтпай, үйүндө эки күн кармап жаткан киши камалды

Шектүү жубайынын өлүмү тууралуу эки күн бою эч кимге билдирген эмес
Sputnik

ОШ, 25-фев. – Sputnik. Ош шаарында 35 жаштагы жубайын сабап өлтүрүүгө шектелген киши камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Подозреваемый в избиении своей супруги до смерти

Анын айтымында, окуя 2019-жылдын 19-февралында болгон.

Бишкектеги мушташтан 19 жаштагы улан каза тапты
Ак-Тилек кичирайонунун 46 жаштагы тургуну аялы менен чырдаша кетип, аны ур-токмокко алган. Анын кесепетинен жабырланган жубайы керебетке жаткан боюнча эсинен танып, ошол тейде каза болгон. Ал өз көрсөтмөсүндө аялы ошол күнү кайненесинен 500 сом акча алып чыгып кеткендигин жана акчаны эмнеге коротконун сураса айтпай койгондуктан жаңжал чыгарганын айтып берген. Аялды ур-токмокко алгандыгын да кошумчалаган.

"Шектүү чырдашкан учурда мас болгон. Маркум 19-февралда каза болгону менен күйөөсү Тез жардам кызматын, милиция органдарын чакырган эмес. Милицияга маалымат эки күндөн кийин, 21-февраль күнү түшкөн", — деп айтып берди Сыдыков.

Тартип коргоо органдарынан андан эмне себептен аялынын ѳлүмү тууралуу милицияга маалымат бербей жата бергендигин сураган.

"Грипп болуп ооруп, билдиргенге мүмкүнчүлүгү болбой калган", — деп жооп берген ал.

Шектүүгө Жазык кодексинин 138-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык соту тергѳѳ мѳѳнѳтү аяктаганга чейин аны эки ай абакта кармоо чечимин чыгарды.