Кыргызстандын мурдагы сулуусу зыяратчылардын кийимин тигет

Зыяратчылардын кийимин тигүүчү тараптар ортосунда өткөн конкурска 13 талапкер катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Быйыл ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин Айкөл Аликжанова тигет. Бул тууралуу муфтияттын тараткан маалыматында айтылат.

Белгилей кетсек, Аликжанова "Кыргызстан сулуусу — 2014" сынагынын жеңүүчүсү.

Маалыматка ылайык, зыяратчылардын кийимин тигүүчү тараптар ортосунда өткөн конкурска 13 талапкер катышкан.

Конкурстун жүрүшүндө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү ажылардын кийиминин тигилишине коюлган наркка, кездеменин курамына жана сапаттуулугуна, дизайнына, өңү-түсүнө, коопсуздук белгилерине, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга бааларын беришкен.

"Ажылардын кийимин тигүүчүлөр ортосунда өткөн конкурста бардык талапка жооп бергендиги боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү Айкөл Аликжанованы татыктуу деп табышты. Эми ага 2019-жылдагы ажылыктын формасын тигүү милдети жүктөлдү", — деп айтылат маалыматта.

Ажыга камынгандардын авиабилетинин баасы аныкталды
Эскерте кетсек, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын курамына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, ИИМ, УКМК, Чек ара, Мамлекеттик каттоо кызматынан, КР Саламаттык сактоо министрлигинен, КР Жолдор министрлигинен, Аалымдар Кеңешинен, Борбордук Текшерүү Комиссиясынан жана муфтияттан өкүлдөр киргизилген.

Актриса, модель, "Кыргызстан сулуусу-2014" жана "Интернет KG сулуусу-2012" наамдарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова 2016-жылы мындан ары хиджаб кие турганын билдирген.