Ал эми Бишкектеги күйөрмандар “Кыргызстан!” деп ураан чакырып, шаардын чок ортосунан басып өтүштү. Күбөлөр болжол менен жүздөй кишиден турган колоннаны тартып алышкан. Алардын арасында кыздардын да бар экени көрүнүп турат.
Оюн бүгүн Дубайда өттү. Үч голдун баарын чабуулчу Виталий Люкс киргизсе, филиппиндиктердин жалгыз голу команда капитаны Штефан Шрекко таандык болду.
Кыргызстандыктар ушуну менен тайпалык беттешти жыйынтыктады. Улуттук командага тарыхтыабиринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалына чыгууга жол ачылды. Буга чейин кытайлыктар менен түштүккореялыктардан утулуп калган болчу.
Улуттук команданын плей-оффко чыгар-чыкпасы башка тайпадагы оюндардын жыйынтыгынан кийин так анык болот.