БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 16-январда өлкө боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облустарында +2…+7 градус жылуу болот.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде күндүн табы +3…+8 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын облусунда —8…-13 градус суук болору айтылды.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, ал карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +5…+7 градуска чамалап барат.