Бекназаров, Келдибеков, Дүйшөбаев Атамбаевди кайра сотко берди

Райондук сот буга чейин арыздагы документтер толук болбогондуктан аны караган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун үстүнөн кайрадан арыз жазды.

Арыз бүгүн Октябрь райондук сотуна келгенин Жогорку Соттун маалымат кызматынын өкүлү Сюита Соурбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду
Белгилей кетсек, райондук инстанция буга чейин жазылган арызда айрым документтер жетишсиз деген негиз менен аны сот өндүрүшүнө алган эмес.

Азимбек Бекназаров сот тарабынан жетишсиз деп белгиленген документтер толукталып, арыз кайрадан берилерин маалымдаган.

Мурдагы аткаминерлер экс-президенттин "Апрель" телеканалына берген маегинен улам сотко кайрылып, 18 миллион сом өндүрүүнү көздөшүүдө. Доогерлердин ар бири 3 миллион сомдон талап кылууда.

Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына берген маегинин тексттик трансляциясын бул жактан окуңуз.