БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эртең, 11-январда, үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, экс-президент сапарын кийинкиге жылдырды.
"Сураныч, мындан саясат издебегиле", — деди Жолдубаева.
Эске салсак, буга чейин Жолдубаева экс-президент 11-январда Индияга учуп, кайра 21-январда кайтып келерин билдирген. Ал ошондой эле Атамбаев ал жакка эс алганы барганы жатканын кошумчалаган.