07:31 22 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маеги. Тексттик трансляция

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
110402

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин маегинин урунттуу учуру Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясында.

Мурунду өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек курган.

Жаңы билдирүү
  • 22:45

    Атамбаев кийинки кадамдары тууралуу

    "Мен саясатта калам. Президент же премьер болуу үчүн эмес, бакиевдердин заманы кайтып келбеси үчүн калам. Кыргызстан түшкөн  жолунан тайбашы керек. Мындан тышкары, 2017-жылы жасай турган конституциялык реформанын өтөсүнө чыга албай калдым. Албетте, менин оюм башкача болчу: кийинки парламенттик шайлоого команда даярдайын дегем, бирок негизинен алтай цивилизациясы, тарых, тил, анан албетте, бизнес менен алектенүү оюм бар болчу. Бирок учурда өлкө кайрадан бакиевдердин жолуна түшүп кетчүдөй кырдаалда. Ошон үчүн саясатта калууга аргасызмын", — деди Атамбаев.

    Экс-президент саясатчылардын жаңы муунуна жардам бере турганын, өлкөнүн чындап парламенттик шайлоого багыт алуусуна күчүн жумшай турганын белгиледи.

     

  • 22:36

    Коңшу өлкөлөр менен болгон мамиле тууралуу

    "Кыргызстан — көз карандысыз мамлекет. Эгемендүүлүгүбүздү баары сыйлашы керек. Мен Кыргызстандагы боло турчу шайлоолорго коңшу мамлекеттердин кийлигишүүсүн токтотуу үчүн катуу сын айттым. Түркия, Казакстан президенттеринин дарегине айтылган ачуу сөздөр дал ушул максатта жаңырган. Кийинки шайлоолорго мындай кийлигишүү болбойт деген пикирдемин", — деди Атамбаев.

  • 22:11

    Өмүрбек Текебаев тууралуу

    Мен дайыма мыйзам чегинде иштеп келгем. Балким Текебаевге келгенде мыйзамды карабай эле койсом болмок беле деп ойлоп кетем... Эми тарбиям ушундай болсо эмне кылайын...

  • 22:07

    Белизгейт, Сегизбаев тууралуу

    "Мен эч качан "тигини кама, муну чуку" деп буйрук берген эмесмин. Маалыматты бир нече жолу текшергиле деген талап койчумун. Бирок Сегизбаев өзү документтерди фальсификациялады дегенге ишенбейм. Ага кимдир-бирөө жасалма документтерди берип коюшу мүмкүн. Териштирүүнүн соңун күтөлү. Анын үстүнө президент болуп турган кезимде маалымат төгүндөлүп калса Сегизбаевдин жооп берерин айткам", — деди Атамбаев.

  • 21:51

    Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалышы тууралуу

    "Сапар Исаков Жээнбековдун суранганына карабай Раим Матраимовду жумуштан алып салды. Анын камалышы — Раим Матраимов үчүн, тил албай койгону үчүн өч алуу", — деди Атамбаев.

    Анын айтымында, Кубанычбек Кулматов бажыны Матраимовдун адамдарынан тазалаганы үчүн камалды.

    "Бир күндө Ош бажысынан түшкөн алым 10 эсеге көбөйүп кеткени эсиңердеби? Кулматов ушул үчүн камалды. Россия паспорту, өкмөттүн тапшырмасы менен салынган мектеп эмес, Раим үчүн өч алуу үчүн камалды", — деди экс-президент.

    Экс-президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев во время интервью телеканалу Апрель
    © Фото / секретариат СДПК
  • 21:44

    Коррупция тууралуу

    "Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүү эл көзүнө көрүнүү үчүн гана жүрүп жатат. Бирок эл буга ишенет экен, анткени премьер-министрлер, министрлер камалууда. Бирок ушу тапта ошол эле бажыны супер уурулар башкарып жатат. Мындан улам Кыргызстандын бюджети миллиарддаган акчалардан кол жууп жатат, мындан ары да жууй бермекчи. Эл көзү үчүн жүргөн күрөш чыныгы коррупцияны жаап жашырат", — деди Атамбаев.

  • 21:38

    ТЭЦтеги авария тууралуу

    "ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилиги Сапар Исаковдо эмес. Реконструкция Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда жүргөн", — деген экс-президент документтердин негизинде жаңы ТЭЦтин курулуш иштерин башка мамлекеттер менен салыштырды. 

    Экс-президент ТЭЦтин реконструкцияланышы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу эки эсе арзан түшкөнүн, жаңы борбор Бишкекти коллапстан сактап калганын белгиледи. Анын айтымында, реконструкция иштери Бишкекти ар дайым электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жасалган.

    "Бирок элге жаман нерсени гана айтышууда. Адамдар жакшы нерсени тез унутат", — деди мурунку өлкө башчы.

    Экс-президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев во время интервью телеканалу Апрель
    © Фото / секретариат СДПК
  • 21:27

    Икрам Илмиянов тууралуу

    Икрам Илмиянов шайлоо учурунда көшөгө артында болгон нерселердин абдан жакшы билгени үчүн камакка алынды деп ойлойм. Эгер кандайдыр бир коррупциялык иштерге аралашканы чын болсо жазалансыз, мен эч ким үчүн суранган эмесмин. Бирок Икрамдын андай экенине мен азырынча ишенбейм.

  • 21:21

    Кой-Ташка салган үйү тууралуу

    Кой-Ташта салган үйүмдүн жанында аталарым Атамбай, Асанбайдын тиккен бактары бар. Аймак да абдан кооз экен. Ошон үчүн Албек Ибраимовдун сунушуна макул болдум. Андан жерди кимден алдың деп сурасам, жеке жактан жеп жооп берген. Мен кимден алганын билген эмесмин. Кийин Ибраимов көпкө чейин кечирим сурап жүрдү. Чет өлкөгө салгандан көрө өзүмдүн ата-бабам жашаган жерге там салганымдын эмнеси жаман?

    Мен мындай үйдү керек болсо Босфордун жээгине сала алмакмын. Бирок мен эч жакка кетпейм.

    Экс-президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев во время интервью телеканалу Апрель
    © Фото / секретариат СДПК
  • 21:17

    Жазуучулардын акчасы тууралуу

    Мен жазуучуларга жардам берип келем. Финансы инспекциясынын маалымдамасын ала келдим. Менин керек болсо кол коюуга укугум жок болчу. Менин атаандаштарымдын мага каршы анык бир фактысы жок. Ошон үчүн чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратышууда.

    Атамбаев 30 жыл мурда "Кыргызстан маданияты" гезитине чыккан макаланы ала келип, Финансы инспекциясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгын көрсөттү. 

  • 21:11

    Экс-президент байлыгынын башаты мамлекеттик кызматка келгенге чейин түптөлгөнүн, ушу тапта текшерем деген тийиштүү тараптарга бардык документтерди берүүгө даяр экенин билдирди.

    Атамбаев журналисттерге колундагы документтерди өткөрүп берди.

  • 21:10

    Атамбаев өткөн жылы 111 миллион сом таап, 77 миллионун коротконун айтып берди.

    Экс-президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев во время интервью телеканалу Апрель
    © Фото / секретариат СДПК
  • 21:09

    Атамбаев эмнеге ушу кезге чейин унчукпай жүргөнүн айтты

    Президент Сооронбай Жээнбековду бир жыл иштесин дедим. Экс-ажо Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып ушундай пикирин билдирди.

    "Президент менин кеп-кеңештеримди уккан жок. Андан да азыркыдай жалганчылыкты мен Акаев менен Бакиевдин убагында да көргөн эмесмин. Эл бардык чындыкты билиши керек", — деди Атамбаев.

Тема боюнча

КСДП: Алмазбек Атамбаев интервью берет. Сөз боло турган маселелер
Белгилер:
документ, маек, шайлоо, Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ