Билчү белеңиз? 2019-жылы кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртчү нерселер

Келерки жылы кыргызстандыктарды оголе көп өзгөрүүлөр жана окуялар күтөт. Төмөндө аларды тизмеледик.
Sputnik

Босогодогу 2019-жыл окуяларга бай болот, алардын көбү кыргызстандыктардын баарына тиешелүү. Редакция өзгөрүүлөрдү катары менен тизмектеди.

Иштей баштачу мыйзамдар

Рассмотрение апелляции на арест А. Кокорина и П. Мамаева

1-январдан тарта Кылмыш-жаза, Жоруктар, Мыйзам бузуулар, Жазык процесстик жана Жазык-аткаруу кодекстери күчүнө кирет. Ошондой эле "Мунапыс жөнүндө жана аны колдонуу" менен "Пробация тууралуу" мыйзамы да иштей баштайт.

Бирок бул кодекстердин баары юристтерди көп түйшөлтүүдө, айрымдары алардын коомду чакчалекейге түшүрөрүн айтышат.

Ошондой эле Мыйзам бузуулар тууралуу кодекстин алкагында түкүрүнүү үчүн 5 миң сом айып салынат.

Бизнести текшерүүгө тыюу

Курс валют доллара в Токио

2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө эки жылдык мораторий аракетке кирет. Мораторий жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына мүмкүн болгон сапатсыз товарлар эч зыян келтирбейт дешет өкмөттөгүлөр.

Футбол

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао

5-январдан 1-февралга дейре Бириккен Араб эмирлигинде футбол боюнча Азия кубогу өтөт. Кыргызстандын курама командасы континенталдык биринчиликке алгач ирет кирди. С тайпасына түшкөн улуттук команда Кытай, Филиппин жана Түштүк Корея менен плей-офф баскычына эки жолдомо үчүн беттешет.

Патрулдук милиция түзүлөт

Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке

Жаңы структура Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жана Патрулдук-нөөмөт кызматын (ПНК) бириктирүүнүн натыйжасында пайда болот.

Функционалдык милдеттери бир аз өзгөртүлмөкчү. Патрулдук милиция жолдогу коопсуздук үчүн гана эмес, өздөрүнө бекитилген аймактагы коомдук коопсуздук үчүн да жооп берет. Бул сынамык долбоор.

Автону камсыздандырууга мезгил жетти

Выдача полисов ОСАГО в Омске

7-февралдан тарта автотранспорттук каражаттардын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (АЖЖМК) мыйзамы күчүнө кирет. АЖЖМК полисинен улам кырсыкка себеп болгон айдоочу автомобилди оңдоо, жол кырсыгында жабыркаган адамдарды дарылоо чыгымдарын жалгыз төлөбөйт.

Негизи милдеттүү камсыздандыруунун өзү 2016-жылы эле күчүнө кирмек, бирок жарандардын нааразычылыгынан улам ал ыктыярдуу түргө өткөн.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке кирет

Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке

"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга ноябрдын ортосунда россиялык "Вега" радиокуруу концерни" ААКсы менен келишим түзүлгөн. Фотовидеокаттоонун биринчи комплекстери 90 күндүн ичинде ишке киргизилмекчи. Долбоор толугу менен жарым жылдан кийин иштей баштайт.

10-февралга чейин 10 кесилиште камералар иштей баштайт.

Мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы ишке кирет

Работа портала государственных услуг

Ушул тапта портал тесттик режимде иштөөдө. Бийлик 2019-жылдын башынан тарта порталдын өндүрүштүк иши өрчүй турганын убада кылууда. Максаты — портал аркылуу кыргызстандыктар 189 кызматтан пайдалана алгыдай шарт жаратуу.

Бир катар мамкызматкерлердин маянасы жогорулайт

Коррупция в КР

Саламаттык сактоо жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлмөкчү. Мындан сырткары, айдоочулардын, техкызматкерлердин маянасын да 100 пайыз көбөйтүшөт. Бюджеттен бул үчүн 220 миллион сом каралган.

Айдоочулардын эсине: жаңы күбөлүк чыгат

Зима в Бишкеке

Көктөмдөн баштап жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилет. Жаңы документтер эл аралык стандарттарга ылайык, жасалгасы жакшыртылган, коргоочу элементтери көп. Алар эң бышык пластиктен даярдалып, ээси тууралуу бардык маалыматтар лазердин жардамы менен түшүрүлөт.

ШКУ саммити

Флаги стран государств-членов ШОС

2019-жылдын 14-15-июнунда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт. Кыргызстан уюмга төрагалык кылат.

Сапаттуу бензин келет

Компания ПАО "НК "Роснефть" в Москве

Кыргызстан керектеген күйүүчү-майлоочу материалдардын дээрлик бардыгын сырттан ташыйт.

2019-жылдын 12-августунан тарта биз Евро-4 жана Евро-5 стандартына өтүүгө тийишпиз. Чечим ЕАЭБдин жана анын үч регламентинин деңгээлинде кабыл алынган. Ошентип өлкөгө Евро-4 стандартынан төмөн болбогон гана май ташып келүүгө уруксат берилет.

Уран калдыктарын сактоочу жайлар калыбына келтирилет

Хвостохранилища в Майлы-Суу

2019-жылы Евросоюздун эсебинен Кыргызстандагы уран калдыктарын сактоочу үч жай (Майлуу-Суу, Миң-Куш, Шекафтар) калыбына келтирилмекчи. Иш качан башталары тууралуу азырынча кабарлана элек.