Репортаж 2017-жылдын май айында эле жарыяланган. Бирок ЖМКга 2018-жылдын октябрь айынан баштап тарай баштаган.
Мариам Набатанзи 44 бала төрөп, алардын алтоо каза болуп калган. Учурда 38 бала энеси менен жашайт. Кайиранын айтымында, бардык балдары бир атадан. Көпчүлүгүн өзү төрөп, акыркыларын гана операция жолу менен жарыкка алып келген.
Мариам кичинекей кыштакта күн кечирет. Ата-энеси кызын 13 жашында эле 40тагы кишиге күйөөгө берип коюшкан. Биринчи эгиздерин Мариам 14 жашында төрөгөн. Мындан сырткары, ал алты ирет эгиз, үч эмден төрт жолу, төрт эмден үч ирет жана эки жолу бирден бала төрөгөн.
Каарман көп балалуу болууну кыялданчу, бирок алты жолку төрөттөн, 18 балалуу болгондон кийин, дарыгерлерден төрөттү токтогууга жардам сурап кайрылган. Дарыгерлер Мариамга спираль коюшкан, бирок аны организми кабыл албай койгон. 23 жашка чыкканда 25 баланын энеси болгон.