БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган командалары футбол талаасында күч сынашты.
Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, мелдеште өкмөт мүчөлөрүнөн турган биринчи команда баш байгени багындырып, алтын медаль жана кубок менен сыйланган. Ал эми эл өкүлдөрүнүн эки тобу 2-3-орунду ээлеп, күмүш жана коло байгенин ээси болгон.
Министрлердин экинчи командасы төртүнчү орунга чыгып, атайын сертификат алды.
Футбол депутатов Жогорку Кенеша с министрами КР в Бишкеке
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Футболдук беттешке Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков башында турган депутаттар жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышкан.