Кыргызча сүйлөсөм чочуп кетишет. Оруска окшош нарындык таксисттин окуялары

Жаңы колумнистибиз Азим Бектурган уулу кыргызга окшобогону үчүн жашоосунда бир топ кызыктуу окуяларга туш болот.
Sputnik

Бир нече жыл мурда такси айдап иштеп калдым. Негизи эле таксисттин жумушу "приключениеге" бай болот эмеспи. Саат сайын ар башка кардар, ар башка кыял, ар башка тагдыр дегендей… Бирок адатта айдоочу алып бараткан кишинин кылык-жолугуна, сөздөрүнө таң калса, кардарларым, тескерисинче, мага таң калышчу. 

Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке

Кыргызча ыр уккан орус жигитке ыраазы болгон апа

Кыргызга келин болуп, 10 бала төрөгөн Елисеева: кайненемдин үнү кулагымда турат
Бир жолу кичирайондордун бирине такси чакыртышты. Барсам, айылдан келген абышка-кемпирди "Ош" базары тарапка жеткирип койгула дешти. Шаардык неберелери орусча сүйлөгөн немелер экен, мен дагы орусча жооп берип, ата менен апаны салып алып зуулдаган бойдон жөнөп кеттим. Жолдо катар Асанкалый Керимбаевдин "Гүлкайыр", Рысбай Абдыкадыровдун "Издейм сени" сыяктуу чыгармаларды угуп бараткам. Өзүм эле эски ырларды жакшы көргөндүктөн, улгайган кардарларым жөнүндө ойлогон деле эмесмин. Бир маалда байбиче абышкасына карап "Карачы, замандын өзгөргөнүн. Шоопур бала орус болсо дагы абышка-кемпир түштү, ушулар жакшы жетсин деп кыргызча ырларды коюп жатканын, айланып кетейин!" десе, абышкасы кайдан укканын билбейм, "кемпир, муну килент сигда праб" деп коет. Антпесе азыр таксиден көп неме жок да" деп олуттуу сүйлөдү. Ошентип карыялардын оңолгон заман, мен жөнүндө пикирин бузбайын деп орус жигит бойдон кала бердим. Экөө көздөгөн жерине жетип, кудуңдап сүйүнө бир үйгө кирип кетишти.

Көңүлдөшүн айтып алып уялган келиндер

Дагы бир жолу ЦУМдун жанынан унаама эки аял түштү. Жаштары 40тын тегерегиндеги башы бош курбулар экен. Аны кайдан билдиң дебейсиңерби? Экөө мурда эле кызык сөзгө кирип алган экен, машинага отурары менен мурдагы күйөө, азыркы көңүлдөш, жашыруун гүл берип жүргөн кесиптештер тууралуу кенен-кесир сүйлөшө башташты. Бирөөсү "жигитинин" аялы менен капысынан кезигип калып, чачташа кеткенин айтып берди. Акыры барар жерге жеттик. Курбулардын көбүрөөк сүйлөгөнү "молодой человек, сколько мы вам должны?" деп сурады. "Эки жүз сом бересиз, эжекеси" деп кыпкыргызча жооп берсем, экөөнүн тең көзү алая түштү. Алардын ошол маалдагы кебетесин көрүш керек болчу. Сүрөттөп берүүгө сөз байлыгым жетпейт. Бири өзүн токтотуп, "Вообще-то так не честно!" деп зиркилдей сүйлөп, алдыңкы орундукка "сдачи не надо" деп миң сомдукту ыргытып койду да экөө шашып-бушуп, артын карабай басып кетишти.

"Орус" айдоочуну көрүп кыжырланып…

Өңү сары, көзү көк. Кыргызстанда жашаган байыркы енисейлик кыргыздардын сүрөттөрү
Кезектеги чакырууга барсам, көп кабаттуу үйдүн алдында эки киши турат. Жакындасам, беттери албырган айылдык жигиттер экени дароо байкалды. Биринчи жакындап келип эшикти ачканы "Туй ата, бул орус турбайбы? Эми тигини кантип айтабыз?" деп кыжалат боло түштү. Көрсө алар Арча-Бешик конушуна бармак экен. Бирок жол кирени орто жерден тааныштардын дүкөнүнөн алмай болушуптур. Экөө орто жолго чейин "дүкөнгө токтоп кой, акча алып кайра чыгабыз" деп орусча кантип айтарын билбей убара болушту. Мен дагы сыр берген жокмун. Алар токточу дүкөнгө жете бергенде, "сен айт, мен айт" болуп экөөнүн чый-пыйы чыгып кетти. Мен унаа токтотуп туруп, "бирөөң калып, экинчиң батыраак алып чык" десем, ооздорун ача бири-бирин карап туруп, экинчиси чуркап кетти. Кызыгы, балдар жолду карата "кыргызсыңбы же кыргызча кайдан үйрөндүң" деп бир ооз сурап койгон жок. Үн-сөз жок барып, түшүп калышты.

Эстеп отурсаң, мындай окуялар баштан көп өттү. Убакыт боло калса, жаңы конушка көчүп барган алгачкы күндөр тууралуу айтып берем.