Улгайган кишини чаап-тепкен киши камакка алынды

Окуянын видеосу интернетке тарап кеткенден кийин киши кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Мега Комфорт" соода борборуна жакын жердеги машина токтотуучу жайда иштеген улгайган кишини чаап-тээп жиберген айдоочу Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин милициядан кабарлашты.

Улгайган кишини чаап-тепкен айдоочу: кылганыма өкүнөм, бирок өзү ошого жеткирди
Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, 25-сентябрда саат 15:00дөр чамасында "Мега Комфорт" соода борборуна жакын жердеги машина токтотуучу жайда иштеген улгайган кишини чаап-тээп жиберген айдоочунун видеосу социалдык тармакка тарап кеткен. Кийин ал киши кармалып, эмнеге мындай кадамга барганын түшүндүргөн.