Аймактардан борбордук ооруканага сөзсүз жолдомо менен кайрылуу керек. Ошондо капчыкка да күч келбейт. Бул тууралуу Бакыт Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарандар жер которгондо өздөрүнүн медициналык карточкасын алып, убактылуу болсо дагы жашаган жериндеги поликлиникага каттоого туруусу керек.
"Бул көйгөйгө биз эле эмес, борбор калаадагы бардык ооруканалар туш болуп жатат болуш керек. Ички миграциянын кескин өсүп кеткендигине байланыштуу биз мурда жылына 60-70 миң бейтапты кабыл алсак, азыр 120 миңге чукул адамды тейлеп жатабыз. Албетте, бул өз учурунда кайра эле келип жарандарга кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан жарандар убактылуу жашаган жеринде да каттоого туруп, алгач жергиликтүү ооруканага кайрылып, бизге жолдомо аркылуу келишсе. Аймактардан келгенде деле так ушул тартипти сакташса алардын капчыгына да күч келмек эмес. Анткени, бейтапты көрүү, медициналык кеңеш берүү, баштапкы анализдерди да борбордон жасатып, акча төлөөгө мажбур болушууда", — деди Төлөгөнов.
Ал Улуттук госпиталдын дартты аныктоо жана консультация берүү бөлүмүндө дарыгерлер 19 багыт боюнча кабыл аларын кошумчалады.