Москвада кыргызстандыктарды унаа тебелеп кеткен ирмемдин видеосу

Окуя болгон жерде тогуз киши жабыркап, бирөө каза тапкан. Учурда бешөө ооруканада.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Интернет тармагында Москвада кыргызстандыктарды бүгүн эртең менен кантип унаа уруп кеткен видео тарады.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында өзүнүн бир нече мекендешин унаа менен койдурду деп шектелген 21 жаштагы Бекжан С. аттуу жаран кармалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетованын билдиришинче, окуя болгон жерде тогуз киши жабыркап, бирөө каза тапкан. Учурда бешөө ооруканада.