Эс алуудан кийинки биринчи жыйынга келбеген депутаттар себебин айтты

4-сентябрда Жогорку Кеңештин алтынчы жыйыны расмий ачылды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жайкы эс алуудан кийинки VI жыйынына алты депутат жүйөлүү себептерден улам катышпаганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Гимндин сөзүн билесизби? Тест
4-сентябрда парламенттин жыйыны расмий ачылып, Кыргыз Республикасынын гимни аткарылаар алдында төрага Дастанбек Жумабеков жыйынга жалпысынан 95 депутат катталганын айткан.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы айрым депутаттар кечигип жана чиптерин унутуп калгандыктан каттоодон өтүүгө жетишпей калган.

Жыйынга келбеген депутаттардын тизмеси жана себеби:

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев. Эл өкүлү жыйынга келбегенинин себебин билүү үчүн ЖМК өкүлдөрү Жогорку Кеңешке расмий түрдө кайрылуусу керектигин билдирди.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Насыр Мусаев менен дай байланышуу аракетинен майнап чыкпады.

Үй камагындагы Канат Исаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына келди
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Казакстандан келген ишкерлерди Көчмөндөр оюндарынын ачылышында жана Кырчын жайлоосунда болгон маданий иш чараларда коштоп жүргөнүн билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, бул ишкерлердин Кыргызстанда бир топ ишкана ачуу ниети бар.

КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалып, учурда камакта.

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шадиев жазында Кыргызстандан чыгып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча АКШда.