Бишкектеги "Ататүрк" паркына жакын жердеги куураган чөп күйүп жатат. Сүрөт

Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр эки сааттан бери алышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Ататүрк" паркына жакын жердеги куураган чөп күйүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өрткө күбө болгон жаран сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу салды. 

Пожар возле парка имени Ататюрка на юге Бишкека

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге эки өрт өчүрүүчү машина чыгып кеткен. Ал эми өрт тууралуу билдирүү саат 16:09да келип түшкөн. Толук маалымат кийинчерээк берилет.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.