БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери мугалимдер менен дарыгерлерге мамлекет тарабынан бир дагы турак жай бериле элек. Бул тууралуу өкмөт аппараты мамлекеттик кызматкерлерди үй менен камсыздоо боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маалыматында белгилүү болду.
Былтыркы жыл боюнча айтсак, Нарында чек арачылар менен Жаза аткаруу кызматына,Токмокто милиционерлерге, Бишкекте ӨКМ жана УКМК кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылган.
Баса, бүгүнкү материалда берилген турак жайлар тууралуу толук жаза албайбыз. Анткени күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин үй маселесин чечүү боюнча маалыматтар сыр катары сакталат.
Мамлекет куруп берген турак жайды кимдер алат?
Жогоруда айтылгандай, бийлик бул жаатта күч түзүмдөрүнө артыкчылык берип келет. Андыктан башка тармактын кайсы кызматкерлери, кандай шартта үй алганын мисал келтире албайбыз.
Бирок келечекте көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Финансы полициясына Бишкек шаарынан жер тилкеси бөлүнгөн. Атургай аталган министрликке курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен 340 миллион сом бөлүнгөн.
Менчикке алгач үйдү кантип колдонсо болот?
Турак жайды менчигине өткөргөн адам аны өзү каалагандай пайдаланат. Мисалы аны сатууга, ижарага берүүгө же белек кылууга укуктуу.
Кызматтык үй алуунун жол-жобосу?
Мамлекеттин карамагындагы кандай үйлөр эч качан менчиктелбейт?
Санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, оңдоого жатпаган жана жабык аскер шаарчаларында турган үйлөрдү менчиктештирүү мүмкүн эмес.