Бир нече күн мурда жаш дарыгер Эркингүл Койбакованын "Ушинтип күн көрүп жатабыз. Бүгүн акчам түгөндү. Акыркысын балдары ачка калган кишиге берип койдум. Медиктердин айлыгы жашоого эмес, эптеп күн кечирүүгө мажбурлайт. Үйдөн ун таап калама жасадым" деген посту социалдык тармакты бир дүңгүрөтүп алды.
Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 29 жаштагы хирург дарыгери маек куруудан көпкө чейин баш тартып туруп алды. Акыры макул болуп, баарлашып турган кезибиз.
— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Балыкчыда карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Апам мугалим, атам милиционер болчу. Азыр экөө тең пенсияда. Атамды Нарынга которушуп, мектепти ошол жактан бүттүм.
Дарыгер болууну үч жашыман тарта кыялданчумун. Көчөдөн колдонулган ийнелерди үйгө ташый берээр элем, апаман таяк да жечүмүн. Азыр "кантип ойнодум экен" деп ойлоп алып коркуп кетем.
— Окууга оңой эле өттүңүзбү?
— Биринчи жылы аттестатымдан улам тапшыра албай калдым. Мени башка кыз менен алмаштырып жазып коюшуптур, баарын тактагыча ЖОЖго кабыл алуу мөөнөтү өтүп кетти. Андан кийин Кыргыз-орус славян университетине өттүм.
— Борбор калаага тез эле көнүп кеттиңизби?
— Акчадан кыйналдым. Ата-энем үч студент баласын бакты. Аларга эстелик тургузуш керек.
Бишкекке келгенде дароо эле дос күттүм. Группабызда ар өлкөдөн, Кыргызстандын аймактарынан келгендер бар эле. Бири-бирибизди аябай колдоп турчубуз. Албетте, өзгөчөлөнүп турган, башкача айтканда, элита — шаардык кыздардын өзүнчө тобу бар эле. Каникулда аймактарда иштегени кеткенимде таң калып карагандары эсимде. Ит үрө берет, кербен жүрө берет эмеспи.
— Эмнеге анча алыска кетчү элеңиз?
— Акысыз иштечүмүн, мага тажрыйба керек болчу. Балыкчынын ооруканасы ишке жанталашып эле алды, кол жетишпейт экен. Элпек элем, айткандын баарын жасаганга аракет кылчумун.
Доктурлар мага ата-энемдей эле карашты, бейтаптар да жакшы болчу. Ой-боюңа койбой "жеп ал" деп тамак-аш салынган баштыктарын карматышаар эле.
Бир жаман жери — жогорку билимимдин жоктугунан операцияга киргизишчү эмес. Дал ушул себептен Нарындын ооруканасында да бекер иштедим. Ал жактан хирургга жардам берүүгө макул болушкан.
Окууну аяктагандан кийин интернатураны кайда өтүү керек деген маселе жаралды. Көрсө КРСУ аймактарга жөнөтпөйт экен. Медакадемия ойлонбостон жиберди. Нарындын облустук ооруканасында иштеген жалгыз интерн болдум окшойт.
— Окуудан кийин кайда бардыңыз анан?
— 2014-жылы Балыкчынын шаардык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө расмий орноштум. Андан кийин балдар реаниматологу болуп калдым.
— Оор жумуш го? Баланы тиги дүйнөдөн кайрып келиш…
Багуудан кетет, натыйжада бизге өлүм алдында жаткан балдарды алып келишет. Акыркы жолу алып келген наристенин буту-колу муздап калыптыр. Акырына чейин алыштык, эмне гана кылган жокпуз! Сактай албай калдык…
Себебин такташ керек болду, союш керек. Ким соет? Эки доктурубуз бар, экөө тең бала эмизет, анан кантип сөөк соймок эле. Демек, Койбакова соет. Эми элестеткиле: менин көз алдымда кадимкидей эле беш айлык бала союлду.
Көрсө, бала өпкөсүнөн кагыныптыр. Пневмония! Башкача айтканда, баланы жакшы карабай коюшкан, оорусуна көңүл бурулган эмес. Кичине эртэрээк алып келгенде эмне! Ата-энесин таап, мээден ары бир койгум келди. Бир жашка чыга элек ымыркай! Эмне күнөөсү бар байкуштун? Энесинин шалаакылыгы да…
Дем албай калган балдарды алып келишет, дээрлик ары карап кеткен. Анан дарыгерлерди "сактап калган жоксуңар" деп күнөөлөшөт. Эртерээк алып келгенге ким жолтоо болду? Айтор, ал жакта иштей албай калдым, бир жылдан соң Нарынга кеттим.
— Чоңдор саламаттыгына олуттуураак мамиле жасаса керек?
— Кайдан? "Диета кармашыңыз керек, айрым азыктарды жегенге болбойт" деп жакшы эле узатасың. Оорусу күчөп жетип келет, анан да "конокко баргам, анан эчтеке жебей отура бермек белем" деп коет.
Дары жазып берсең, бир аз ичип таштап коюшат. Вирус бул дары-дармекке көнө түшөт да организмге андан да күчтүү дары талап кылынат. Аны да жөндөп эч ким ичпейт. Анда да күчтүү дары жазып беребиз. Акыры ошентип отуруп ары карап кетет…
— Айылдагы бейтаптар эмнеси менен айырмаланат?
— Элеттегилердин баары Бишкектеги дарыгерлер жакшыраак деп ойлошот. Борбор калаага барып дарыланууга жан талашат. "Мен деле Бишкектен окуп келгем да" дейм жылмайып.
— Медиктердин айлыгы тууралуу постуңуз бир топ чуу жаратты окшойт…
— Айлык акы үчүн деле анчалык ызаланган жокмун, мага азыркы 6 600 сомдук айлыгым деле жетмек. Бирок маянамдын 5000 сомун батирдин акысына беришим керек. Маселенин баары ушул жерде.
29 жашта экениме карабай ушу кезге чейин атамдын мойнунда отурам. Пенсиясынын бир бөлүгүн мага салат. Тилекке каршы, турак жай маселеси көтөрүлгөндө эле башкы дарыгерге шылтап коюшат. Ал деле мендей да, экөөбүз бирдей эле шартта иштейбиз, колунан эмне келет?
Мен башкы дарыгер үчүн эмес, эл үчүн иштеп жатам да. Эмне үчүн мэр, губернаторлор унчукпай отурушат?!
— Эл ичинде жакшы дарыгерге бейтаптар дайым ыраазычылык билдирип турат деген ишеним бар эмеспи…
— Кечээ да "бейтап акча бермейинче карап да койбойсуңар" деп жазышыптыр комментарийге. Кыжырымдын кайнаганын айтпаңыз! Менин бейтаптарым ким экенин белисиңерби? Чабандар, малчылар! Алар эмне мага бир чемодан доллар көтөрүп келет дейсиңерби?!
Мен анын абалын абдан жакшы түшүнөм, анткени, туугандарымдын баары айылда жашайт. Ал жакта акча деген мал, картошка, алма, айтор сатыла турган нерсенин баары сатылган күз менен жазда гана болот. Андан тышкары, балдарды кийиндирүү керек, мектепке даярдоо деген сыяктуу башка айга калтырбаган учурлар бар.
Эң кейиштүүсү, элди каратып туруп эле сызга отургузуп кетишет. 8 сомдон сатып алган сүтүн бизге кайра 35 сомдон сатышат. Мал баккандардын эмгеги кайда калды?! Анан мен алардан эмне талап кыла алам?
Бирөө "эмне өзүңүзгө пиар жасап жатасыз?" деп жазыптыр. Каяктагы пиар? Акчамдын жоктугун, калама жасап жеп калганымды айтып пиар кыламбы? Ооба, акчамды балалуу аялга берип койдум. Ачка бала ыйлап жатса сиздин тамагыңыздан аш өтөбү?
Мен го, мейли, чоң кишимин, чыдайм. Адам негизи тамак-ашсыз алты күнгө чейин жашай алат. Азыр атам акча салды, баары жакшы.
— Үй-бүлөсү бар дарыгерлер кантип атат?
— Адатта врачтар жок эле дегенде эки жумушта иштешет. Үч-төрт иште жүргөндөр бар. Бир нөөмөттөн экинчисине эле чуркаган киши, анткени акча жетпейт.
Өзүнө карабай иштеген доктурлар толтура. Канчасы ушул жумуштан эле көз жумат. Жакында эле 30 жаштагы жигит инфракт дартынан каза болду. Таланттуу хирург эле. Артында жубайы кызын кучактап кара кийип калды.
Дарыгерлердин деле жүрөгү ооруйт, кээсине онкология себеп болот. Ошентсе деле бизди дайым күнөөлөп келишет. Киши өлтүргүч да экенбиз, жеткен акмак да экенбиз, айтор… Бир кесиптешимдин үстүнөн арыз жазышыптыр, көрсө ал бейтапка жылмайбайт экен. Ушундай да сөз болобу? Тиги адам ооруп өлө албай атса, маңдайында күлүп-жайнап турушу керек экен да.
Жетекчилик да урушат, түгөнбөгөн комиссия да келип текшерет, бейтаптар да тынч калбайт. Ушунун баары үчүн "миллиондорду" алабыз. Жаман ойлоп калбагыла, мен өз ишимди жакшы көрөм, бирок кээде ичтеги букту да чыгарып алыш керек экен. Медицина — баңги сыяктуу, бир баш багып алсаң чыга албай каласың.
— Адатта дарыгерлер чыкыйып жүрөт деген ишеним жашайт эмеспи. Сиз келбетиңизге түркүн эксперимент жүргүзүптүрсүз. Бейтаптар буга кандай карайт?
Бетпактыктын да чеги болот да, айрымдар чалкалап отуруп алып "Санарип рентгениңер жокпу? Эмне мынча жашсыз, чын эле доктурсузбу? Бирдеме билесизби деги? Башка врач чакыргыла" дейт. "Азыр түн ичи. Башка доктур жок, эки бөлүмгө бир дарыгер" деп жооп берем. Эки бөлүмдө иштеп 2000 сом айлык алчумун. Бул акчага алар пол да жуумак эмес!
Кээде "дурусураак дарыгер келгиче күтөм" дегендер чыгат. Кадырыңыз жан болсун, каалашыңызча күтүңүз, болгону медициналык жардамдан баш тарттым деп документке кол коюп берип коюңуз.
— Кол коюшабы анан?
— Кайдан! Койбой калсын, бирок мени түрмө менен коркутуп киришет. Акыры мен дагы өздөрүнө жараша жооп бере баштадым.
— Эсиңизде көбүрөөк калган бейтап тууралуу айтып берсеңиз…
— Мен анда реанимацияда иштечүмүн. Жол кырсыгына кабылган бир жигитти алып келишти. Абалы өтө оор экен, унаасынан эч нерсе калбаптыр.
Баш мээсине операция жасоо үчүн Бишкектен нейрохирург келди. Жигит андан кийин менин көзөмөлүмдө болду.
Тер кеткенин айтпаңыз! Акыры тамыры сого баштады. Кичине эс ала түштүк. Бирок 13 күндөн кийин каза болуп калды.
Реанимацияда жаткан адамдын тагдырын алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Мен туугандарына "билбейм" деп эле ачык айтам. Түшүнүшпөйт.
Кээде таптакыр эле болбой калган оорулууну алып келишет. Дарыланып, айыгып кетет. Кээде жапжакшынакай турган кишинин абалы кескин начарлап, көз жумат. Эмнеге мындай болуп кетерин эч ким айта албайт.
Дарыгер Кудай эмес. Биз болгону билими бар, жардам бергиси келген адамбыз.