БИШКЕК, 8-июл. —Sputnik. Кыргызстандын юниорлор курама командасынын капитаны 14 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков Россия менен Хорватиянын беттешүүсүнүн алдында топ алып чыкты.
Оюн Сочи шаарындагы “Фишт” стадионунда өтүп жатат. Тыныбеков оюн талаасында үч мүнөттөй туруп, футболчудардын баары менен сүрөткө түштү.
Буга чейин кыргызстандык баланын футбол менен машыгары, чейрек финалдын беттешүүсүнө топ алып чыгуу үчүн атайын сынактан өткөнү айтылган.