Ыргал Кадыралиева Расул Усеналиевден маек алды. Бурулайдан шок кылган редакторго чейин

Өзгөчө маектин бүгүнкү "журналисти" — ЖКнын мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева болсо, ал эми маекке чакырылган "атактуунун" ордунда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун кабарчысы Расул Үсөналиев отурду.
Sputnik

Sputnik Кыргызстандын студиясында болгон бул маекте журналисттер туурасында кеп көпкө уланды. Аларды күнөөлөштү, талкуулашты, акырында баары бир алардын коомдогу таасири зор күч экендигин белгилешти. 

Ыргал Кадыралиева: — Расул, студияга кош келипсиз. Саламатсызбы? (күлүп).

Расул Үсөналиев: — Саламатсызбы, рахмат! Журналисттин өзү интервью бергени башкача бир сезим болот турбайбы. Бир чети толкунданып да жатам.

Ы.К.: — Расул, негизи үч гана кесиптин ээси берип жаткан суроосуна кандай жооп аларын билет. Ал — журналист, мугалим жана орган кызматкери. Мени узатып жаткан суроолорумдун жообун билет деп ойлойсузбу?

Р.Ү.: — Биз бирөөдөн маек алууга даярданып жатканда суроолорубуздун болжолдуу жообун билебиз. Маектин жүрүшүндө суроолорго күтүлбөгөн жооп алабыз. Бүгүн берген жоопторумдан менин тар чөйрөм үчүн күтпөгөн жооптор чыгып калышы мүмкүн.

Ы.К.: — Бардык журналисттер саясатчыларга — бизге собол узатканда жеке турмушубуз тууралуу билгиси келет. Менин да суроом ушул багытта, келинчегиңизге кантип үйлөндүңүз эле? 

Экс-депутат ЖК, Ыргал Кадыралиева

Р.Ү.: — Бул дагы тагдырдын буйругу болду. Нике кайып деп коёт эмеспи. Жубайым менен мен абдан сыйлаган кесиптешим тааныштырган. Жолугуп, бири-бирибизди жактырып, колун сурап, анан үйлөндүк.

Ы.К.: — Өмүрүңүздө кыз ала качууга катышкан белеңиз?

Р.Ү.: — Кеп Бурулайдан улам чыгып жатат окшойт, ээ? Бактыга жараша, жок. Анын үстүнө мен жүргөн чөйрөм, досторум, жоро-жолдошторум кызды бөктөрө качкандардан эмес. Дүйнө таанымы кенен, чектен ашкан көрүнүштөрдү жасабаган адамдар.

Ы.К.: — Биз буга чейин салт деп же болбосо экономикалык жокчулукка шылтоолоп жаткан кыз ала качуу салты эмненин негизинде келип чыгып жатат дейсиз? Цивилизацияга жеткен XXI кылымда жашап жатабыз. Баарыбыз бири-бирибизди жакшы түшүнүп турабыз, жигиттер эмнеге ала качуу жолун тандап жатат? Эгерде статистикалык маалыматтарга таянсак, бул мурдагыдан азайып деле кеткен жок.

Р.Ү.: Бурулайдын окуясынан кийин редакцияда "эркектер эмнеге мындай жолго барып жатат" деген кызуу талкуу болду. Мурда коомдогу теңсиздиктин айынан бири-бирин жактырган жаштар "ала качуу" менен баш кошкон учурлар айтылды. Ал эми азыркы цивилизациянын доорунда кызды жактырып калып, аны машинага буту-колун кайрып уурдай качуу чындыгында жапайычылык. Дагы бир жагынан алып караганда, жигит кызга сезимин жеткире албай күчкө салганы — зөөкүрлүк. Жигиттер сезимин билдиргени менен кошо эле кыздын пикири менен эсептешүүсү маанилүү эмеспи. Мисалы, мен деле келинчегим менен жаңы таанышып, мага жаккандыгын айтып, макулдугун сурадым. Ага ой калчап, болочоктогу жубайы катары мени карап көрүүсүн сунуштадым. Мажбурлоо болбошу керек. 

Корреспондент ИА Sputnik Расул Усеналиев

Ы.К.: — Ала качуу маселеси мени Бурулайдын өлүмүнөн кийин абдан ойлондурду. Көп нерсеге себепкер болушу, коомчулук, жигиттер ойгонушу керек деп эсептейм. Бирок ошол эле учурда ала качуу турмуш курууга болгон умтулуу, аракет. Ушуга милиция кызматкерлеринин киришүүсү туура болдубу же туура эмес болдубу? Дегеле, мыйзамдын ушуга киришүүсү туурабы? Мен бир ала качууга күбө болгом. Ысык-Көлгө алып барган, кыз каршы эмес эле… бирок эмне кыйынчылык болгон дебейсизби? Колукту Оштон болгондуктан, туугандары алып кетебиз деп туруп алышкан. Күйөө ошондо өзүнө кол салууга чейин барган. Себеби, намыстанган, айыл эли эмне дейт деген сөз болгон. Демек, буга мыйзам менен киришүү туурабы же жокпу?

Миллион доллар, ар намыс, сүйүү. Вице-мэр Sputnik.kg редакторунан интервью алды
Р.Ү.: — Менин жеке пикиримде, жигиттер ушуга жеткирбеши керек. Кыздын же болочоктогу күйөөнүн туугандары макул болбой жатса, сүйлөшүү жолу менен түшүнүшүүгө, компромисске келиши шарт. Мурдагы заманды, катташтын начардыгын эске алсак, Баткенден Нарынга келин алып же кыз берет деген үй-бүлө үчүн өзүнчө трагедия болчу. Кээ бир факторлордон алып караганда чындыгы да бар эле, анткени жер алыс, барууга техника жок. Ал эми бүгүнкү күнү кудайга шүгүр, баарында автоунаа турат, кааласа, учак менен барат. Негизи, мен кыз ала качууга каршымын.

Ы.К.: — Сиз жигит катары, мен аял киши катары айтайын, ала качуунун кесепети далай үй-бүлөнү талкалап жатат. Бүгүнкү көйгөй улам тереңдеп баратат. Ала качып барганда кыз намыстанып, кээ бирлери келген жерин аяп кала берген учурлар бар экен. Кыргызда "эрдин кеги — нардын кеги, аялдын кеги – жердин кеги" деген сөз бар. Эмнеге дегенде, эр өчөшсө акыры өчүн алып тынат экен, аял кектесе, акыр түбү астын-үстүн кылат экен. Анын кесепетинен балдар жабыркап, ал тургай көчөдө, туугандарынын колунда калган, зордук-зомбулукка кабылган учурлар жок эмес. Атайын дегеним, үй-бүлөнүн курулушунда башталган нерсе социалдык трагедияга алып келүүдө.

Биздин маегибиздин нугун эми акырындык менен балдар темасына бурсак. Бүгүн канчалаган аталар жоопкерчиликтен качып, канынан жаралган перзентин камсыздоодон, кам көрүүдөн баш тартып жүрөт. Статистика да көңүл оорутат. Буга кандай карайсыз? 

Экс-депутат ЖК, советник ректора международного университета "Ала-Тоо" Ыргал Кадыралиева

Р.Ү.: — Балдардын социалдык жетим болушу, кароосуз калышы деген көйгөйдү көптөн бери карап жүрөм. Буга миграция да терс таасирин тийгизди…

Ы.К.: — Кечиресиз, ата баланы камсыздоого милдеттүүбү?

Р.Ү.: — Албетте.

Ы.К.: — А сүйүүгөчү?

Р.Ү.: Сүйүүгө дагы. Мисалы, уулум бир жашка чыгып калды. Балага болгон сүйүү, камкордук такыр башкача болот экен. Буга чейин таякелерим, байкелерим балдарына үзүлүп түшүп, мээрим төгүп жатса, анча эмне үйрүлүп түшөт деп койчумун. Аны өзүң башыңдан кечиргенде сезет экенсиң. Чүрпөгө болгон сүйүү, сезим таптакыр башкача болорун билдим. Маселен, иштен чарчап барганда балам жөрмөлөп алдымдан чыкса, кадимкидей эс алам…

Ы.К.: — Айтсаңыз, анда эмне үчүн Кыргызстанда жоопкерчиликсиз аталар көбөйүп жатат? Ата катары жооп бериңизчи…

Р.Ү.: — Буга көп нерсе таасир бериши мүмкүн. Бир тараптуу эмес, комплекстүү карашыбыз керек да. Бүгүнкү турмуштун шартында эң негизги маселе балдарына камкордук көрбөй таштап кетип жатканы — материалдык жактан кыйналгандыгы, жумушсуздук деп ойлойм.

Ы.К.: — Жумушсуздукту жоюу боюнча кандай сунушуңуз бар. Бүгүн жаштарга кандай жумуш керек? Университеттер бизди келечекке даярдай алып жатабы?

Р.Ү.: — Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдыга жылышы үчүн жогорку билимдүүлөрдүн көп деле кереги жок экен. Аны турмуштун бүгүнкү шарты тастыктап берди. Негизги басымды кесиптик билим берүүгө жумшообуз керектигин мезгил көрсөтүп жатат. Ширетүүчү, тигүүчү, оңдоп-түзөө иштерин жасаган кол билги усталар зарыл. Баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Мисалы, өзүмдү эле алсам. Кээде үйдө электр жарыгын күйгүзгөн же электр жарыгына туташтырган жабдуулар иштен чыкса, утурумдук күйүп турганга жаратып, будамайлам. Бирок коопсуз кылып, тыпыйтып оңдоп кое албайм. Эгерде кесиптик билимим болсо, жасап алмакмын да. 

Корреспондент ИА Sputnik Расул Усеналиев

Ы.К.: — Ал эми электрикти чакырсаңыз, келгенине эле 500 сом алат.

Р.Ү.: — Ооба, жогорку билимдүүлөргө караганда кесиптик техникалык билими барлар көп айлык табат.

Ы.К.: — Жумуш жок дейбиз, бирок аны жоюу боюнча өкмөттүн түзгөн бир дагы конкреттүү программасын байкай элекмин. Кыргызстан боюнча май куюучу 80 миңге чукул бекет бардыгын билдим. Азыр айдоочулар бензинди, майды өздөрү барып куюп алат экен. Мунун максаты— биринчиси кошумча күчтөрдү тартпоо, экинчиси бекеттин ичиндеги суу менен чипсыларды сатуу. Бирок бул абдан кооптуулукту жаратат. Маселен, кичинекей балдарым менен барсам, мага бензин куюу кыйын. Аларды сөзсүз жетелеп кирем, себеби, кудай сактасын, артынан келген автоунаа келип сүзсө, бекет өрттөнүшү мүмкүн деп саксактайм. Ошол эле учурда май куйган автоматты туура эмес колдонушум же туура эмес илип салышым мүмкүн. Бул боюнча мамлекеттик экотехниспекция эгерде бир дагы айдоочу автоунаасын таштап кетпеши керек деп эреже киргизип койсо, 80 миң бекет жок дегенде үчтөн кызды ишке алмак да, 240 миң киши жумуш менен камсыз болот эле.

Р.У.: — Бул бир гана мисал…

Ы.К.: — Ооба. Өкмөт ушундай нерселерди көргүсү келбегендей да. Андыктан,ушуга окшогон маселелерди көтөрүп чыкса. Дегеле, өкмөт да, ЖК дагы коомдун пикири менен түздөн-түз эсептешип жаткан заманда журналисттердин өкмөткө кандай таасири бар деп ойлойсуз?

Раев Балыбаевден интервью алды. Айтматовду билбеген журналист, ыйманга аралашкан дин
Р.Ү.: — Негизи журналисттердин коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө таасири болот. Көйгөй жаралып ал жазылып, чагылдырылгандан кийин анын чечилиш мөөнөтүнө таасир берет. Жумушсуздук боюнча жеке пикирим — ири компанияларды тартабыз, ошолор гана заводдордун куруп иш ордун камсыз кылсын дегенибиз туура эмес экен. Чакан бизнести жолго коюунун зарылдыгына көзүбүз жетти. Элдин өзүнүн ишкердигин жасап кетишине өкмөт шарт түзүп бериши керек экен. Азыр досторум чакан бизнес баштайын деп жүрөт, бул жааттагы мыйзамдардын чийкилигиби, айтор "тигиге бар, бул жактан документ керек" деген учурлар абдан көп экендигин байкадым. Ишти бир айдан кийин баштайм десең, ал жанагыдай бюрократиянын айынан бир жылга созулуп кетиши да мүмкүн экен.

Ы.К.: — Жакында конокко барсам, чай ичип отурганда да көйгөйлөр айтылып кетти. "Арендага алганга болжолдуу жер бар эле, автоунааларды жууй турган жай ачалы деп документ чогултуп баштадык. Жашыл китебин жасатууга, ишкердиктин түрүнө, суу түтүктөрүнө ж.б. уруксат алганга, жабдыганга баш-аягы 7000-8000 доллар каражат кетет дешкен. Ошол акчаны да чогултуп алып, бир жыл чуркадым, документтерине эле 8 миң долларым түгөнүп бүттү (!!!). Тигиге акча, буга төлө ага, төлө, тигиге бар, уруксат ал деп жатып бир жыл убакыт кеткенден кийин, тойдум байдын кызына деп таштап салдым. Азыр баары даяр, бирок акчам жок калды" дейт.

Сиздин пикирде, чакан бизнес ачыш үчүн мамлекет азыр эмне кылыш керек? Көзөмөлдүн баарын алып салуу керекпи? 

1 / 2
Экс депутат Жогорку Кенеша от партии СДПК Ыргал Кадыралиева. Архивное фото
2 / 2
Журналист Sputnik Кыргызстан Усеналиев Расул.

Р.Ү.: — Көзөмөлдөш керек, антпесе чаржайыт болуп кетпейби. Мамлекет жакшы иш жасайм деген кишилерди колдогон деңгээлге жетебиз деп ишенем. Негизи ишкерлерди текшерип, көзөмөлдөөнүн 4-5 эле түрүн калтыруу шарт.

Ы.К.: — Азыр деле болгону жети түрү бар.

Р.Ү.: — Ошол жетөөнүн да санын кыскартуу керек.

Ы.К.: — Кыргызда бир көргөн тааныш, экинчи көргөн тууган деген сөз бар. Сизди алгач ирет көрүп, маектешип жатабыз, эми тууган болуп калабыз го (күлүп). Эгерде учурда да депутат болсом, мага оор суроо берүү зарылдыгы чыкса, балким, сизге мамлекет же башка жарандардан буюртма түшсө, сиз ошол заказды аткарасызбы? Бирок экөөбүз тааныш болуп калбадыкпы? Сизде ушундай учур болгонбу? Адамгерчиликпи же журналисттикпи? Кайсынысы бийик турат?

Р.Ү.: — Бир-эки жолу болду. Журналисттик кесипте кызыктуу дейбизби, күтүлбөгөн дейбизби, ар кандай жагдайларга туш болот экенбиз. Эсимде, журналистикага жаңы келип, ишти гезиттен баштагам. Парламенттик кабарчы элем. Атын айтпай эле коеюн, депутат келип, "бир маселе көтөргөн жатам, гезитиңе жазып бербейсиңби, редакторуңа айтып көрчү" деди. Редакторума сунуш түшүп жатат дедим. Ал каткырып күлүп, "жаш журналисттерди өздөрүнө тартып, кол баласындай пайдалангысы келет, камчы кылып чабат, абайлап жүр" деп кеп-кеңешин айтты. Муну укканда мени бирөө шылдыңдап, мазактагандай жаман болгонум эсимде. Эртеси барып жаза албай турганыбызды айтсам, ал "100 доллардан куру калдың" деген.

Ал эми суроонун берки өңүтүнө келсек, журналист болгондон кийин коомдогу көйгөйдү жаратса, таанышыбыз, тууганыбыз болгонуна карабай ачык эле берем. Ал анткени бир эле киши — менин эмес, коомчулуктун бери дегенде, 100 же 10 000 кишинин кызыкчылыгы жогору турушу керек.

Ы.К.: — Кыргызстанда көз каранды эмес журналист барбы?

Сурабалдиева Эркин Рыскулбековдон интервью алды. Эрте кеткен эркектер, кооптуу карылык
Р.Ү.: — Журналистикага келгениме 8 жылга чукулдады. Бул учурда топтогон тажрыйбамдан улам айтсам, көз карандысыз болгонго тырышкандар бар. Бир маселе болсо аны бейтарап бергенге аракеттенгендер кезигет. Анткен менен бүгүнкү күндө эркин журналист болууга эң биринчи кезекте анын материалдык абалы жол бербейт экен. Өнүккөн мамлекеттерде андай кесиптештер болушу мүмкүн. Материалдык көз карандысыздыкка жетип калгандар өзүнүн көз карашын кылчактабай билдирип турат. Ал эми айлыгы аз, финансылык абалы өп-чап болуп жашаса, тилекке каршы, бирөөнүн камчысын чаап калат экен.

Ы.К.: — Жакын арада өздөрүн эл аралык медиабыз деп атаган, финансылоосу да чет жактан келген, жакшы деп айылып келген, авторитеттүү жалпыга маалымдоо каражаты депутатты алып чыгып, маек жасады. Журналист суроо берип баштаганда эл өзүнүн ичиндеги, оюнда жүргөн суроосун берип баштайт эмеспи. Ошол интервьюда мен ойлобогон, күтпөгөн нерсени байкадым. Ал медиа буюртма материалды эч качан жасайт деп ойлогон эмесмин. Кимдир-бирөөнү эле коргобой, маалыматты ар тараптуу берет деген пикирим бар эле. Журналист катары авторитетке ээ болом деп жүргөн ошол кесиптешиңердин оозунан бир дагы элдин суроосу чыккан жок. Ал учурдан пайдаланып депутаттын гана өз оюн айттырып калууга аракет кылды. Мындайча айтканда, буюртма материал экендиги көрүнүп турду. Мен аны көргөндөн кийин журналист бийлик же кайсыл бир адам менен жеке кызыкчылыкка же жеке келишимге барбаган учурда бедели көтөрүлөт деген ой келди. Көп жакшы материалдардын автору болгонуна карабай, бир эле интервью менен менин алдымда ошол журналисттин авторитети абдан түштү… Ошондон кийин Кыргызстандагы журналисттердин социалдык, материалдык жагын көтөрөбүзбү, дегеле реформа кылыш керек окшойт деген ой келди. Бийлик, өкмөт, Жогорку Кеңеш эч качан реформа кыла албайт, аны ЖМКлар өздөрү жасаганы шарт го. Алар өздөрүн-өздөрү башка деңгээлге алып чыгышы керек. Муну ким жасашы керек, атайын бир уюм барбы?

Р.Ү.: — Журналисттердин арасындагы реформаны өзүбүз жасашыбыз зарыл.

Ы.К.: — Атайын бир союз барбы? 

Р.Ү.: — Кыргызстанда журналисттердин союзу бар деп жүрөт. Жетекчиси түшпөс хан болуп алган экен. Башында жаш журналисттер ошол уюмдун ишин колго алалы, кыймылга келтирип, иштетели деп аракеттенип көрдүк. Андан майнап чыккан жок, ошол боюнча калып калды. Реформа тууралуу айтсак, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Кыргызстандын медиа рыногунда бир чоң секирик жасады. Журналисттер 24 саат, жети күн иштейт деген түшүнүк калыптанды. Сиз деле билсеңиз керек, буга чейин ишемби, жекшемби күндөрү маалымат сайттар, гезиттер, радиолор мамлекеттик кызматкерлер сыңары эс алчу. Азыр эс алуу деген эки күн да кадимкидей жумуш кайнаган мезгилге айланды. Кечки саат 9, түнкү саат 1, таңкы саат 3 да жумуш учуру деген түшүнүктү калыптандырдык. Эсимде, 2016-жылдын июнь айы болсо керек эле. Түркияда саясий абал курчуп, төңкөрүш аракеттери болду деген кабарлар кетти. Таңкы саат 3:30дарда редактор "тур, Түркияда төңкөрүш болуп жатыптыр, алардын каналдарын кара, маалымат керек, сен түркчө билесиң да" деп чалды. Саат таңкы үч. Чынын айтсам, шок болдум. "Саат мынча болсо, мени жаза кал дегени кандай, мен роботмунбу" деп жиним келди. Ошондо редактор, журналисттер, бильд-редакторлор түн болсо да иштегенбиз. Азыр мындай көрүнүштөр көнүмүш эле болуп калды…

Каныбек Иманалиев Азият Жекшеевден интервью алды. Мас кыздардан мамлекетке чейин
Журналисттердин өзүндө самоцензура деген кандайдыр бир деңгээлде болушу керек. Буга чейин жаш балдар кырсыктады, зомбулукка, зордуктоолорго кабылды деген маалыматтарды ата болгонго чейин катардагы кабар сыяктуу жазчумун. Өзүм балалуу болгондон кийин бул маалыматтарды жаза албай калдым. ЖМКларда зомбулукту көп бербеш керек. Андай нерсени улам кайталап жаза берсек, коом аны катардыгы көрүнүш катары кабыл алып калат экен. ЖМКлардын коомдун психологиясына таасир бере тургандыгын байкадым. Жагымсыз кабарды бериш керек, ооба, жаман айтпай жакшы жок. Жакшыдан жаманды бөлүп, көзгө сайып көрсөтүп бергенге журналисттердин колунда күч бар.

Ы.К.: — Расул мырза, кеп төркүнүн бир аз башка өңүткө бурсак. Канча бир туугансыз, ата-энеңиз ким болуп иштейт?

Р.Ү.: — Үч кыз, үч эркекпиз. Ата-энем мугалим болуп иштешет. Кызыгы, мени биринчи класстан 4-класска чейин мамам окуткан.

Ы.К.: — Апаңызды "мама" дейсизби?

Р.Ү.: — Ооба.

Ы.К.: — Менин уулдарым да мени "мама" дешчү. Анан былтыр Ошто жүрүп калып, ага "сен чоңоюп калдың, азыр "апа" деп айтып көнбөсөң, кийин тилиң бурулушу кыйын болуп калат. Мага "мама" деген жүрөгүмө жакыныраак. Бирок карыганда көзүм өтүп кетсе, боз үйдүн алдына, "мамалап" турушуңду каалабайм. Апа дешиң керек" дедим. Кичинекей болсо да кабыл алды. Азыр экөө тең "апага" көндү. Жамандык алыс болсун, сиз бирок патриот катары апа дешиңиз керек деп ойлойм. Кийинки собол, үй-бүлө сиз үчүн эмне?

Р.Ү.: — Үй-бүлөң таянар тооң болорун, жакындарың жөлөк-таяныч экендигин, моралдык колдоо берип турарын балалуу болгондон кийин түшүндүм. Иштен чарчап барганда келинчегиңдин тамагын жасап, жаркылдап тосуп алышы, алдыңдан балаңдын чуркап чыгышы — чоң бакыт экен.

Ы.К.: — Аял сиз үчүн ким?

Р.У.: — Аял биринчи иретте — эне, өмүрлүк жар, карындаш, кесиптеш.

Экс-депутат ЖК Ыргал Кадыралиева и корреспондент Расул Усеналиев

Ы.К.: — Таксиде келе жатсам, айдоочу коомчулуктагы көйгөйлүү маселенин бирин козгоду. Бүгүнкү күндө өкмөт же ЖМКлар такталбаган маалыматтарды жарыялап, көптөгөн адамдардын тагдырына балта чаап жатат дейт. Бизде Баш мыйзамда күнөөсүздүк презумпциясы деген бар да. Менин пикиримде, ушул мыйзам такыр эле колдонулбай жаткандай. Маселен, чиновник болобу же кылмышкер болобу анын күнөөсү далилдене электе ЖМКларда чыгат да, алгач шектүү экендигине басым жасалбай, "кылган, жеген, уурдаган" деген маалымат кетет. Эгерде акталса, журналисттер аны жазбайт деле. Мага мамлекеттик (орган) кызматта иштеп, шектелип, СИЗОдо төрт жыл отуруп, бирок акталып чыккан жаран кайрылган. Акталгандан кийин мамлекетти сотко берүүгө, компенсация төлөттүрөөгө аракет кылган. Мындан кийин "жаңы жагдайдын пайда болушу" деп камакка алынган. "Бир нече соттук териштирүүлөр болуп дагы акталып чыктым, дагы "жаңы жагдайлар" чыгып калат экен деп коркуп, анымдан да баш тарттым" дейт.

Башкы мыйзамда күнөөсүздүк презумпциясы деген эмне жана анда орган кызматкерлери менен журналисттин ролу кандай болушу керек?

Р.Ү.: — Туура маселени көтөрүп жатасыз. Бул акыркы учурларда кесиптештер арасында, тилекке каршы, сакталбай келе жаткан нерсе. Бир кишинин күнөөсү далилденгенге чейин эле журналисттер аны күнөөкөр, кылмышкер катары берип жаткан учурлар бар. Иш сотко жетип, күнөөсү бар-жогу далилденген күндө дагы биринчи кеткен маалыматтын таасирин кайра кайтара албайбыз. "Баланчаев Түкүнчө кылмышкер, мындай сумманы жеп алды, коррупционер" деген маалымат тарады. Кишилердин мээсинде ошол образ менен калат. Кийин ал акталдыбы, жокпу биринчи жаңылыкты алгандар кызыкпашы деле мүмкүн. Тилекке каршы, бир иштер боюнча кармалган адам боюнча журналисттер өзүбүз эле соттун ордуна туруп, күнөөкөр деп коомго бере салып жатабыз. Ал эми биздин редакцияда ошол бир шектүү кишинин күнөөсү далилденгенге чейин аны кылмышкер же коррупционер деп жазбайбыз. "Шектүү", "шектелип жатат", "делген" дейбиз. Кээде ошондой маанайдагы пресс-релиздер келет, аларды да мен жогоруда аткандай кылып беребиз.

Кесиптештеримди да кишинин тагдыры чечилген учурларда абайлап жазганга, этияттык менен мамиле кылганга чакырып кетээр элем. 

Ы.К.: — Мен депутат болуп турганда министрлердин кемчиликтерин ачык айтууга аракет кылчумун. Бирок ошол кишинин күнөөсүздүгү, ал жерден мурдагы министрби же азыркысы күнөөлүүбү, андан сырткары бул кишинин ден соолугу, моралдык жоопкерчилиги бар деп эч ойлонбоптурмун. Куда-сөөгү, бала-чакасы келини бар деген эсек келбептир.

Ыргал Кадыралиеванын айылга каты. Шаани чоң апа, тубар көйнөктүн карызын кечтим
Ошондуктан бүгүнкү күндөгү коомдо күнөөлөнүп жаткан иштердин бардыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек дегенди айтаар элем…

Эми башка нукка өтөйүн. Биздин маек соңуна чыгып бара жатат. Ким менен сүйлөшсө да интервьюнун ийгиликтүү же ийгиликсиз болушу журналистке жараша болот эмеспи. Эгер ал адамды ачып бере алса демек, журналист да, сүйлөшкөн киши да рахат алат. Сиз бүгүнкү маектешүүбүздүн рахат алдыңызбы, ачыла алдыңызбы?

Р.Ү.: — Ооба, мен канааттандым. Көкүрөгүмдө сактап, көңүлүмө түйүп жүргөн ойлорумду сизге чечилип, төгүп айтып бере алдым деп ойлойм.

Ы.К.: — Бүгүнкү маекте козгогон темалар жаатында көп маселе көтөрүлөт деп ишенем. Сизди кайсы бир мүнөттөрдө чоң аткаминер, ал эми өзүмдү журналист катары көрө алдым. Маектеш туура жооп берип, жакшы бир ойлорду айтса, собол узаткан адам да рахат алат экен. Сизге рахмат!

Буга чейинки өзгөчө маектин каарманы журналист Миржан Балыбаев болуп, андан Султан Раев интервью алган.