Эркиндик бульвары гүл челектер менен кооздолууда. Сүрөт

Гүл челектер Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине пирамида формасындагы конструкцияга да коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасы Эркиндик бульварына ажайып кооз гүл челектерди коюп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1 / 4
"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасы Эркиндик бульварына ажайып кооз гүл челектерди коюп чыкты
2 / 4
Жыгачтан жасалган 50 даана гүл челек бульвардын Киев көчөсүнөн Токтогулга чейинки бөлүгүнө коюлду
3 / 4
Миңден ашык гүлдүн буркураган жыты шаар тургундарын жайы бою кубандырат
4 / 4
Мындан башка дагы 970 даана гүл челек Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишине пирамида формасындагы конструкцияга коюлду.

Жыгачтан жасалган 50 даана гүл челек бульвардын Киев көчөсүнөн Токтогулга чейинки бөлүгүнө коюлду.

"Миңден ашык гүлдүн буркураган жыты шаар тургундарын жайы бою кубандырат. Мындан башка дагы 970 даана гүл челек Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишине пирамида формасындагы конструкцияга коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө ландшафттык дизайнерлер калааны гүл менен кооздоо боюнча бир катар долбоорлордун үстүнөн иштеп жатат.