БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 5-июнь күнү, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, 6-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды.
Эске салсак, 26-январь күнү Бишкек ТЭЦинде авария болуп, анын кесепетинен калаа тургундары беш күн жылуулуксуз калган.
Мындан улам Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бир нече берене менен кылмыш ишин козгоп, анын негизинде ошол кездеги жетекчилердин айрымдары убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектеп чыкты.
Бердибек Боркоев
УКМКнын маалыматына караганда, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери буу казандарды оңдоо үчүн сынактын талапка ылайык жүргүзүлбөгөнүнө карабастан, уюмдар менен келишимдерди түзүп, алардын эсебине акча каражатын которуп турган. Ал эми иш жүзүндө ремонт иштери ТЭЦтин өзүнүн күчү менен ишке ашкан. Мындан улам акционердик коомдун жетекчисинин мурунку орун басары Бердибек Боркоев бир катар аткаминерлер менен ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып алган деп күнөөлөнүп, март айында кармалган.
Алмазбек Жусупбеков
"Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков Боркоев шектелген иштин алкагында колго түшүрүлгөн.
Узак Кыдырбаев
"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган.
Темирлан Бримкулов
Ошол эле 221-берене менен айыпталган Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 4-апрель күнү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Салайдин Авазов
Жалал-Абад шаарынын мэри болуп турган Салайдин Авазов ТЭЦтеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшүрүлгөн. Себеби Авазов ага чейин "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болуп иштеген.
Жолдошбек Назаров
Салайдин Авазов менен бирге ошол кезде ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалаган Жолдошбек Назаров да камакка алынды. Экөө тең 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.
Айбек Калиев
Ал эми 18-апрель күнү УКМК "Улуттук энергетикалык холдингдин" башкаруучулугунун мурдагы төрагасы Айбек Калиевди "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармады.
Осмонбек Артыкбаев
5-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынды. Ага Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун алкагында Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.
Сапар Исаков
Кошумчалай кетсек, УКМКда КР өкмөт аппарытынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев дагы сурак берген. Ал Бишкек ТЭЦинин буу казандарын оңдоо боюнча "Электр станциялар" ААКтын жалган тендер өткөрүүсү жана 2017-2018-жылга карата жылуулук сезонуна даярдык көрүү үчүн бөлүнгөн ири суммадагы каражаттарды ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылган.
Кубанычбек Кулматов
Кечээ, 5-июнда камакка алынган Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовдун ТЭЦти модернизациялоого түздөн-түз тиешеси жок. Бирок ага Бишкек ТЭЦин реконструкциялоонун алкагында ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланды делип, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган.