"Орто-Сай" базары курчалып, саперлордун келишин күтүп жатышат. Сүрөт

Соодагерлер бир эркек кишинин жардыруу тууралуу телефондон сүйлөшүп жатканын угушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базары жардыруучу түзүлүш тууралуу билдирүүдөн кийин тегерете курчоого алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

1 / 4
Бишкектеги "Орто-Сай" базары жардыруучу түзүлүш тууралуу билдирүүдөн кийин тегерете курчоого алынды
2 / 4
Буга чейин күбөлөр базардын ичиндегилер сыртка чыгарылып жатканын айтышкан
3 / 4
Ушу тапта окуя болгон жерде милиция кызматкерлери, Тез жардам жана ӨКМ кызматкерлери турат
4 / 4
УКМКнын маалымат кызматы жардыруучу түзүлүш изделип жаткандыгын тастыктады.

Буга чейин күбөлөр базардын ичиндегилер сыртка чыгарылып жатканын айтышкан.

Ушу тапта окуя болгон жерде милиция кызматкерлери, Тез жардам жана ӨКМ кызматкерлери турат.

Бишкекте теракт уюштурабыз деген белгисиз адамдар. УКМК эмне дейт
Соодагерлердин айтымында, күч түзүмдөрү эч нерсе табышкан эмес, бирок алар бир эркек кишинин кимдир бирөөлөр менен жардыруу тууралуу сүйлөшүп жатканын угушкан. Мындан тышкары, видеокамералардан белгисиз адамдын шектүү нерсе таштап кеткенин көрүшкөнү айтылат.

УКМКнын маалымат кызматы жардыруучу түзүлүш изделип жаткандыгын тастыктады. 102 кызматына билдирүү саат 12.30да түшкөн. Чалган киши ага белгисиз адам бомба коюлганын айтып, качып кеткенин билдирген.

Буга чейин борбор калаада Борбор Азиядагы Америка университетине,"Бишкек-парк" соода борборуна жана темир жолго да бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат тараган.