КСДП: кол жазмалар Түлеевдин өзүнө эле таандык

Нариман Түлеев буга чейин ЖМКларга чыккан катты ал жазбаганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. КСДПнын маалымат кызматы жазылган каттар Түлеевдин өзүнө эле таандык экенин, андыктан партия графологиялык экспертиза өткөрүүгө каршы эместигинин билдирди.

Түлеевдин мамлекетке өткөн батирлери кимдин колуна тийген? Чоо-жайы
Белгилей кетсек, социалдык тармактар менен ЖМКларга Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевден учурунда аны кечирип, камактан бошотуусун суранып жазган катынын сүрөтү жарыяланган болчу.

Кийин бул боюнча КСДП менен Нариман Түлеев өз пикирин билдирген. Түлеев ал камакта отурганда Атамбаевден кечирим сурап кат жазбаганын жана жарыяланган каттагы кол жазма ага таандык эместигин айткан. Андан сырткары, катты ким жазганынын чын-төгүнүн бышыктоо үчүн графологиялык экспертиза өткөрүү керектигин белгилеген.

"Коюлган колдор окшош экенин көрүп жатабыз. Дал ушул нерсе эки катка тең Түлеев өзү кол койгон деген ойго түртөт", — деп айтылат КСДП тараткан билдирүүдө.

Андан сырткары, билдирүүдө каттын түп нускасы Атамбаевде сакталуу экени айтылат.