БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен Түркиянын тийиштүү министрлик жана ведомстволору кылмыштуулукка жана террорчулукту каржылоого каршы бирге күрөшүү боюнча бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Документтерге кол коюу иш-чарасы эки өлкө президенттери Шавкат Мирзиёев менен Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.
Маалыматка ылайык, Эрдоган жекшемби күнү Өзбекстанга үч күндүк мамлекеттик сапар менен келди.
Түркия президенти сапарынын алкагында бүгүн Бухарага барат. Буга чейин Эрдоган Өзбекстанга 2016-жылдын ноябрь айында барып, кесиптеши менен эки тараптуу кызматташуунун “жол картасын” түзүү боюнча макулдашкан.
Ал эми Мирзиёев Түркияга 2017-жылдын октябрында барган. Бул акыркы 18 жылдын ичиндеги өзбек президентинин Түркияга болгон алгачкы сапары эле.