Аксылык Бообек Нурматов юрист, каратэчи, фермер жана жөн гана кыргыздын жигити. Бишкекте юридикалык окуу жайды аяктап, бирок жумуш таппай калгандыктан, 2000-жылдардын башында миңдеген кыргыз сыяктуу Россияга кетип калган. Ал жактан тапканын коромжу кылбай чогултуп, өз айылында дүкөн ачкан.
Sputnik агенттиги быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылында" айыл-кыштактарда ак эмгеги менен ишкерлик кылып, бутуна турган мекендештерди үлгү катары көрсөтүүнү максаттап, Бообек Нурматовду дагы кепке тарттык.
— Бообек мырза, Россияда канча жыл жүрүп, эмне иш кылдыңыз?
— Өз кесибиңиз менен иштеп, жакшы акча таап жаткан жерден эмнеге бат эле кетип калдыңыз?
— Ата-энем карып кете электе, жанына барып уулдук милдетимди аткарайын дедим. Анүстүнө мени дайыма айылга тартып турат. Кеңседе отуруп иштегенге караганда, өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем. Негизи миллиондорду кыштактан деле тапса болот. Болгону кандай гана иш болбосун тобокелчиликке салып, мээнет кылуу керек. Бул жагынан мен ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө айтылып келген "эрте тур" деген принципти катуу карманам. Саат тогузда тургандан көрө алтыда турсаң, ишке жөндөмүң күчөп, убактың кененирээк болот.
— Келип эле бизнес баштадыңызбы анан?
— Дүкөндү канча убакытта кеңейте алдыңыз?
— Дүкөн акырындык менен өзүн актап, товар көбөйүп жатты. Кирешенин бир бөлүгүн малды көбөйтүүгө жумшадык. Негизи ата-энемдин чакан сарайы, малы бар болчу. Мен ошол сарайды кеңейтип салып, малды асылдаштырдым. Кеңейттим дегеним, кандай гана мал болбосун ал семирип, жакшы төлдөш үчүн жылуу-жумшак жай, жакшы шарттар керек. Анткени сарай, тоют жакшы болбосо, малыңдын башы канчалык көп болсо дагы пайдасы тийбейт.
— Азыр канча малыңыз бар?
— 60ка чукул кой, 10дой уй, 15тей жылкы.
— Буларга жылына канча чыгым болуп, канча киреше көрөсүз?
Ал эми малга кеткен чыгымды мен чыгым деп эсептебейм. Анткени тоютка кеткен чыгымдын ордуна мал бизди жыл бою эт менен камсыз кылат. Мындайча айткада, эки тарапка тең пайладуу иш. Эт менен сүттү эсептебегенде малдан жылына 500 миңден 800 миң сомдун тегерегинде киреше түшөт.
— Мал чарба жана дүкөндү кошкондо канча киши иш менен камсыз болгон?
— Чарбабыз агам экөөбүздүн ортобузда. Ошондо агам, жеңем, алардын уулу жана келинчегим экөөбүз болуп, беш адам иштейбиз. Киреше дайыма ортодо. Кимге канча каражат керек болсо кеңешип туруп, дүкөндөн же малдан чыгарып алабыз. Мисалы, өткөндө агамдын кызынын жүрөгүнө тез арада операция жасатуу зарыл болуп калды. Ага 150 миң сом керек экен. Мал сатып, жасаттык. Ошентип өз мээнетибиз менен тапкан малыбыз бир адамдын өмүрүн сактап калды.
— Айылдын балдарын каратэге машыктырып жүргөнүңүздү уккам. Өзүңүз юрист, фермер болсоңуз, каратэге кандай тиешеңиз бар?
— Бала кезден эле чыгыш таймаш өнөрүнө кызыкчумун. Студент кезде дагы спортчу болом деп эңсеп, бирок спорттун бир дагы түрүнүн өтөсүнө чыга албадым. Баса, булчуңдарды чыгарам деп залга көп эле бардым. Бирок студенттин курсагы тойбогондон кийин машыгуудан пайда жок экен да. Аны кийин түшүнүп атпайынбы (күлүп). Окууну аяктагандан кийин Жалал-Абадга барсам атамдын бир туугандарынын мени менен окуган эки уулу каратэ боюнча облус чемпиону болушуптур. Ошондогу ээликкенимди сурабагыла. Мен канча жылдан бери жетпей жүрсөм, мени менен катар чоңойгон балдар чемпион болуп атпайбы. Аларды машыктырган Жапарали Маматов агайга мен да жазылып, каратэ менен машыга баштадым. Кийин Россиядан айтылуу машыктыруучу Макен Исаковдун колуна түшүп, Москва шаары жана Москва облусу боюнча абсолюттук чемпиону болдум. Ушул эки агайымдын адамгерчилигин, элге кылган мамилесин, балдар арасындагы кадыр-баркын көрүп, мен дагы ушулардай болуп бала тарбияласам деп тилек кылчумун. Былтыр өзүбүздүн айылда чакан зал ачкам. Учурда 120 бала машыгып жатат.
— Акы төлөшөбү?
— Жок, бекер эле.
— Канча убакыт болду, балдардын ийгилиги билине баштадыбы?
Экинчи жолу Чүй универститетинин негиздөөчүсү Султан Мамбеткалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдешке 21 бала келип, 20 медалга ээ болду. Барсак эле балдарыбыздын саны 95ке жетип калыптыр. Четинен кыздар дагы келе баштады. Азыр бардыгы 120 киши келип жатат. Негизги бөлүгү мектеп окуучулары, бирок арасында 50гө чыгайын деп калган адамдар дагы бар. Ал эми 25-март күнү Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште биздин балдар Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биригип барып, 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту. Турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи, Аксы райондук каратэ-до федерациясы экинчи орунду ээледи.
— Абдан жакшы кабар, куттуктайбыз! Машыктырган үчүн акча албасаңыз, зал, анын майда-чүдө чыгымдарын өз чөнтөгүңүздөн төлөйсүзбү?
— Биздин дүкөндүн мурдагы кампасын зал кылып койгонбуз. Андыктан залыбыз бекер. Ичине анча-мынча жабдууларды алганга улам бир ийгиликке жетишип барган сайын ата-энелер жардам берип турушат. Өзүмдүн машыктыруучуларымдын "кандай гана улуу иш болбосун, ал бекер жасалышы керек, эл өзү колдоп, көтөрүп кетет" деген сөзү мага түрткү болуп келет. Ушул кылганым менен жаштарга кичине болсо дагы жарыгым тийип, кимдир бирөөгө үлгү боло алсам, ошол өлкөмө кошкон салымым деп эсептейм.
Баса, Sputnik агенттиги региондордун өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан нарындык миллионер кыз Замира Омората менен маектешкен.
Ал 28 жашында атасынан калган мал-жанга кантип ээлик кылып, азыр канчага көбөйткөнүн айтып берген.