Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Аттишти кое тургула, дүкөндү жардырып сала жаздады

Кутман таңыңыз менен, окурман!
Sputnik

Акырындык менен өз бийлигин орнотуп келе жаткан жаздан ар ким ар нерсе күтөт. Кээ бирөөлөр ой-тилектердин ишке ашышын, кээ бирөөлөр жаңылануу, айрымдар сүйүү…

Анткен менен күттүрбөй боло турган көрүнүштөр бар. Мисалы, ар жазда турак жайга баа өсөт. Абал быйыл кандай экенин кесиптешим Бакыт Толкановдун макаласынан окуй аласыз. Бул жерге унаага болгон бааларды дагы камтый өттүк

Көчкү түшкөн жол. Бишкек — Ош унаа жолундагы "Чычкан" капчыгайына кар көчкү түшүп, унаа кыймылын бууп койду. Айдоочулардын шаштысын кетирген тоодой кардын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды

Мындан улам авиабилеттердин баасы арзандады. Анткени учурда Кыргызстанда иштеген авиакомпаниялар катаал аба ырайы маалында авиакаттамдардын билетин арзандатуу боюнча кыргыз өкмөтү менен макулдашкан. Азыр жүргүнчүлөр билет баасын 27 пайызга арзаныраак алып жатышат.

Баа демекчи, акыркы күндөрү "жылдызга" айланган аттиштердин кантип, кандай шартта алынганы тууралуу Бишкек ТЭЦинин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу айтып берди.

Дүкөнгө бүлүк салган эргул. Эл аттиш менен алек болуп жатканда, Бишкекте бир киши "Народный" дүкөнүнө кирип алып, жардырып салам деп ызы-чуу түшүрдү. Кийин укук коргоочулардын колуна түшкөн адам "Йакын Инкар" экстремисттик тобунун мүчөсү экени аныкталды.

Жоготуу. Кечээ дүйнө белгилүү физик-теоритик Стивен Уильям Хокингден айрылды. Окумуштуу 77 жаш курагында Кембридж шаарындагы үйүндө көз жумду.

Караанына зар болуп… Sputnik агенттиги Кыргызстан гана эмес, мурдагы Советтер Союзунун чолпон жылдызына айланган үч атактуунун сүрөтүн жарыялады. Сүрөт 1971-жылы Фрунзеде "Уркуя" фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган. 

Баса, бүгүн жылуу кийингиле. Анткени өлкө аймагында жамгыр жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.35 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бар бололу!

Аманчылык тилеп Бегимай Бакашева.