Радио

Болгонбаев: акын болуу кыялымда жок болчу

Айтылуу акын Азамат Болгонбаев атайын түзүлгөн "Акындар жана манасчылар" ассоциациясынын шакирт тарбиялоо программасынын алкагында төкмөлүк өнөрүнө келип калганын айтты
Sputnik
Болгонбаев: акын болуу кыялымда жок болчу

Төкмө акын болуу кыялымда жок болчу. Бул тууралуу Азамат Болгонбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, буга устаты Абдылашым Ысмайыл уулу себеп болгон.

"Мен бала кезимден комуз черте коюп, ырдап жүргөнүм менен айтышка чыгам же төкмө болом деген такыр оюмда жок болчу. Өнөрпоз болом деген максаттарым бар эле, бирок төкмөлүккө аралашсам деген ой-тилек кийин чоңоюп, акыл токтотуп калган кезде келди. Алгач Абдылашым Ысмайыл уулунун колунан тарбия алып, андан соң Замирбек Үсөнбаев менен таанышып, 2000-жылдан тартып ал залкардын колунда окуп калдым. Менде эч кандай аян болуп же ата-тегимде бул өнөрдү аркалагандар болгон эмес", — деди Болгонбаев.

Ал ошондой эле бул өнөргө талыкпас аракетинин артынан жеткендигин кошумчалады.