Кыйынчылыкта өткөн балалык. Акын Шайлообек Дүйшеев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында 1950-жылы 23-февралда жарык дүйнөгө келген. Үч жашында атасынан айрылып, апасы аны чоң энесинин колуна калтырып кетет. 13 жашка чыкканда жалгыз таянар тоосу болгон чоң энеси көз жуумп, эже-жездесиникинде чоңойгон. Жаш талант үйүнөн алты чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке жөө барып келип окуган.
Эмгек, эмгек… Окууну бүтөөрү менен аскерге кызмат өтөгөнү кетип, кичи мекенине келгенде куруучу, райондук гезитте кабарчы болуп иштей баштайт. Өз киндигин өзү кескен акын Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1980-жылдан тарта "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадиокомитетинде редактор, Фрунзедеги филармонияда адабий бөлүмдү жетектеп иштеген. Өлкө эгемендүүлүк алган соң "Ала-Тоо", "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" басылмаларында эмгектенип, курч макалаларын жарыялаган.
Эмгекчилдиктин жемиши. Кыргыз эл акыны II жана III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын алган. Ошондой эле ал "Манас" эпосунун негизинде жазылган "Эки дөөнүн кармашы" аттуу поэтикалык чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.
Аксакал журналист жана чоң ата. Шайлообек Дүйшеев 70 жашка жакындап калганына карабай журналистиканын казанында кайнап келет. Узак убакыттан бери "Азаттык" радиосунда "Сөз дайра", "Басма сөзгө баяндама" уктурууларын алып барып, макалаларды жазып турат. Пайгамбар жашынан өтүп калган акын байбичеси Зейне экөө үч кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Азыр алар он неберенин кучагында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүүдө.