"Апа-аа, адам өлтүрүп алдым..." Абактагы алдамчылар канткенде ооздукталат?

Бейтаныш бирөө телефон чалып жакын адамыңыз кырсыкка кабылганын же Россиядан белек жөнөткөнүн, такыр болбосо лотереядан машина утуп алганыңызды айтып тезинен акча салууңузду сурады. Мындай учурда жандалбастап акча издеп жөнөйсүзбү же чын-төгүнүн тактайсызбы?
Sputnik

Бир телефон чалуу аркылуу эле бал тилге салып ишенчээк адамдарды 100 миң сомго чейин алдап кеткен фактылар катталууда. Мындай ишке баргандардын көбү түрмөдө отурганы айтылып келет.

Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эркинен ажыратылгандар эркиндиктеги адамдары кантип алдап жатканын иликтеп көрдү.

Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жашаган Кайыргүл Шаршеналиеванын үй-бүлөсү ушул жылдын 12-февралында 40 миң сомго алданган. Күйөө балаңызмын деген адам унаасы менен бир аялды коюп кетип, колу-буту, кабыргасы сынган боюнча ооруканага жеткиргенин, акча болсо иш милицияга жетпей бүтөрүн айткан.

"Аптыгып сүйлөп "ата" деп кайрылган бирөө жолдошума чалды. Үнүн инисинин күйөө баласына окшоштуруп сүйлөшө бериптир. Анан телефонду мага бергенде "апа, азыр 10 миң сом керек. Банктан эмес доктордун номерине жөнөтүңүз" деп мүңкүрөйт. Боор ооруп жолдошум жумушунан алып жөнөттү. Отурсак, кайра чалып "эми аялдын күйөөсүнө да 30 миң сом беришим керек экен" деди. Өзүбүздө акча жок, башкалардан карызга алып жөнөттүк. Андан соң дагы чалып 10 миң сом деп жатпайбы. Шекшип кызыбызга чалсам "күйөөм үйдө отурат" дейт. Ал номерди балдарым текшерип көрсө акыркы жолку чалуу абактан болуптур", — деди Шаршеналиева.

Бул боюнча алар Ленин РИИБге барса "баары бир табылбайт" деп арызды албай турганын айтышкан. Жабырлануучу ага карабай арыз жазып таштап кетишкенин айтты.

Ал эми студент Мээрим Ашымбекова мындан үч жыл мурун Россиядан сумка келди деген адамга 2500 сом акчасын алдырган.

Акча алмаштыруучу жайларда элди кантип алдашат. Тасмага түшкөн ыкмалар
"Чогуу жашаган кыз Россиядагы апасынан майда-чүйдө келе турганын айтып тосуп алышымды суранды. Эртеси бир киши чалып "бажыда турам, сумка чоң болуп өткөрбөй 2500 сом сурап жатат. Азыр мобилдик капчыкка которуп жибер, болбосо сумкаң жоголот" деди. Суранган кыз официант болуп иштегендиктен чалып алдыра албай койдум. Ал киши жанымды койбой "Апаңар кыйналып иштеп жөнөтсө, тосуп алганга жарабайсыңар" деп кекеткенде дүкөнгө кантип барып салганымды билбей калдым. Андан соң чалсам "мындай номер жок" деп калды. Чыныгы сумка эртеси келген", — деди Ашымбекова.

Абактагы алдамчыларды табуу кыйын

Мындан бир нече күн мурда Ош шаардык соту тарабынан абакта отурган кылмышкер телефон аркылуу жети адамды алдап 600 миң сомго отургузуп кеткени аныкталып, мурда жасаган (алдамчылык) кылмышы боюнча жаза мөөнөтүнөн калган тогуз жылына дагы 16 жыл кошуп, жалпысынан 25 жылга эркининен ажыраткан.

Ош ШИИБдин маалымат кызматынын ага инспектору, милициянын подполковниги Замир Сыдыков мындай кылмыштын бетин ачуу кыйынга турарын айтат. Мисалы, жогорудагы окуяны далилдөөгө үч ай убакыт кеткен.

"Абактагылардын да өзүнчө эрежелери болот. Кээ биринин туугандары тамак-аш алып келип турса анын кадыр-баркы жогору болот. Эч ким келбесе алдамчылык менен акча табууга өтөт. Иш тажрыйбамда мындай ишке баргандардын дээрлик баары туугандары кечип кеткен, сурап келээр адамы жок экенин көрдүм", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал алдамчылардын торуна түшүп калбоо үчүн төмөндөгү кеңештерди сунуштайт.

Кылмышкер кандай ыкмаларды колдонот?

— Улуу кишилерге "балаңызмын" же "күйөө балаңызмын" деп чалып "мен бирөөнү өлтүрүп алдым, тезинен 100 миң сом (болжолдуу сумма) жөнөтүңүз, болбосо 15-20 жылга камалып кетем. Алар колуна албайт, мен айткан дарекке жеткирип бериңиз" дейт. Мыкты актер, психолог болуп калышкан. Аялдар менен сүйлөшкөндө "апа, эч кимге, жада калса атама да айтпаңыз" деп башкалардан оолак кармайт. Өңгүрөп ыйлап турса байкуш эненин жүрөгү түшүп, сураган акчасын таап берет. Ошол учурда ары жактан шериги баласына чалып алаксытып турган болот.

Баласын көөмп жатып да акча алганга дааган ата-эне. Ооруган бөбөктү алдаган азезилдер
— "Аяш эне, балаңыздын досу болом, ал машинасы менен бир аялды сүзүп алды. Дарыгер, милиционерлер менен сүйлөштүм, кылмыш ишин козгой электе дароо акча менен басып коёлу. Азыр өзүм барам же бул номерге жөнөтүп жибериңиз" деп акчаны алып кетет. Айрымдары эркиндикте жүргөн кылмыштуу шериги аркылуу алып турат.

— Радиодон, лотереядан, банктан жана күйүүчү май куюучу жайлардан "машина, муздаткыч, телевизор сыяктуу тиричилик техникасын утуп алдыңыз, азыр бир сааттын ичинде бул номерге 5000 миң сом (болжолдуу сумма) салбасаңыз бонусуңуз күйүп кетет" деп шаштырат.

— Азыр чет жакта иштеген жаштар көп. Андыктан балаңыз Россиядан чоң сумка берип жиберди деген ыкма көбүн кылтакка илет. Алгач "Россияда иштеген тууганыңар бар беле" деп сурап, "ооба" десеңиз "мен таксистмин, бажыдан өткөрбөй жатат, жанымда акча жок, азыр мага 3000 сом (болжолдуу сумма) жөнөтүңүз" дейт. Алар сиз жөнөткөнгө чейин тез-тез чала беришет. Өз максатына жеткенден кийин ал номер кумга сиңген суудай жок болот.

Шылуундардын тузагына түшүп калбоо үчүн эмне кылуу керек?

Кино биякта калсын! Өзүн-өзү барымтага алган кыргыз кыз эжесинен 1 млн. талап кылган
Эгер сизге бирөө чоочун номер менен чалып, планда жок нерселерди айтып тез арада акча жөнөтүүнү сураса, алгач өзүнүн аты-жөнүн, окуя каякта болуп жатканын тактоого аракет кылыңыз. Балаңыз аманат берип жиберген же кырсыктап калды десе өзүнүн телефонуна чалып көрүңүз. Албаса аны менен кошо жүргөн адамдар (келинчеги, күйөөсү, тууганы, жакын достору, кесиптештери) менен байланышыңыз. Лотереядан утуп алганыңызды айтса жок дегенде ошол мекеменин кабылдамасына чалып тактап көрүңүз. Алар кырдаалга жараша ыйлап, сылык, же болбосо жини келип кагып сүйлөп тузакка түшүрүүгө аракет кылат. Акча бир-эки күндөн кийин керек дебейт, азыр 2-3 сааттын аралыгында деп сурайт. Андыктан ушул нерсеге маани бериңиз.

Эгер жалганы билинип калса коркутуп, психологиялык басым дагы жасап көрүшү мүмкүн. Коркпостон байланышты токтотуп, келген номерди сактап туруп милицияга кайрылуу керек. Мүмкүн болсо үнүн жаздырып койсоңуз кылмыштын ачылышына жеңилдик болот.

Абактагыларга ким телефон берип жатат?

Анткен менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын телефон колдонуусу мыйзамга каршы келет. Мындан улам абактын ичине телефон кантип кирип кетти деген суроо туулат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф кызматкерлер өздөрү абактын ичине телефон алып кирүүгө жардам берерин бирден-бир фактор катары айтты.

"Кыргызстан боюнча өткөн жылы түрмөдө отургандардын 3500дөн ашуунунан телефон тартып алынган. Текшерүү иштери үзгүлтүксүз жасалып, күнүнө орто эсеп менен 10 телефон табылат. Бирок азырынча мындай ишке байланышы бар кызматкерлерди аныктоо алгылыктуу натыйжа бере элек. Учурда Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизүү пландалууда. Ага ылайык, камактагы жарандан телефон табылса жаза мөөнөтү узартылып, ага жардам берген ЖАМК кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылат", — деди Никсдорф.

Белгилей кетсек, 2014-жылы дал ушундай алдамчылык иштерге бөгөт коюуну башкы максат кылып СИМ-картаны атайын келишим менен гана сатуу токтому чыккан. Бирок уюлдук компаниялардын өтүнүчү менен бул мөөнөт бир нече жолу узартылган. Акыркы мөөнөт 2016-жылдын 1-февралына белгиленип, каттоодон өтпөгөн номерлер өчүрүлмөй болгон. Бирок бул боюнча эксперимент жүргүзгөнүбүздө паспорту жок эле сатып алып, үч айдан алты айга чейин колдонуу мүмкүн экени белгилүү болду.

Паспорту жок каалашыңча СИМ-карта сатып алса болобу? Видео эксперимент