00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ошто абакта отурган киши телефон аркылуу элди 600 миң сомго алдаганы аныкталды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал алдамчылык менен өндүргөн акчаларды эркиндикте жүргөн 28 жаштагы аял аркылуу алып турган

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өзү абакта отуруп алып телефон аркылуу жарандарды 600 миң сомго отургузган шылуун 16 жылга кесилди. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган киши 37 жаштагы Ноокат районунун тургуну. Ал буга чейин тогуз жолу соттолгону маалыматта айтылат.

"Ал абакта отуруп алып телефон аркылуу жети адамды 600 миң сомго алдаган. Акчаларын кылмыштуу шериги болгон 28 жаштагы аял аркылуу алып турган. Кылмышкер ар кимге телефон чалып туугандары кырсыкка кабылганын жана тез арада акча керек экенин айтып алдап келген. Ага ишенгендер анын шеригине сураган акчасын жөнөтүп турушкан", — деп айтылат маалыматта.

Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милиционерге ок чыгарган шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
Билдирмеге караганда, Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн тергөөчүлөрү кылмыш иштери боюнча тиешелүү далилдерди сотко көрсөтүп берген. Натыйжада Ош шаардык соту аны мурда жасаган (алдамчылык) кылмыш иши боюнча жаза мөөнөтүнөн калган 9 жылына кошумча дагы 16 жыл кошуп, жалпысынан 25 жылга эркининен ажыраткан.

Анын кылмыштуу шериги болгон 28 жаштагы аял да колго түшүрүлгөн. Ал мындан башка да кылмыш иштерге шектелип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Соттолгон жаран төмөндөгүдөй ыкмаларды колдонуп акча өндүрүп жүргөн:

1. Оштун Ак-Тилек кичи шаарчасында жашаган 62 жаштагы кишини "балаңыз машина менен бирөөнү сүзүп өлтүрүп алды, тез арада Ош шаарынын Касымбеков көчөсүнө 70 миң сом акча алып келиңиз" деп алдаган;

2. Ушундай эле жол менен Ак-Тилек кичи районунда жашаган 61 жаштагы аял да 70 миң сомун алдырткан;

3. Ноокат районунун 57 жаштагы тургунуна чалып "мен сиздин балаңызмын, бирөөнү машина менен сүзүп алдым. Тез арада акча таап бериңиз, андан кутулушум керек" деп өңгүрөп ыйлап, 60 миң сом, 35 миң рубль сураган. Ага ишенген эне акчасын айткан жерине жеткирип берген;

Разбойное ограбление магазина в Бишкеке попало на камеру наблюдения - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: бир ай мурда абактан чыккан кылмышкерлер дүкөн тоноп тутулду. Видео
4. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жашаган 52 жаштагы аялга дагы "мен балаңыздын досумун. Ал алты жаштагы баланы машина менен коюп кетип, каза болуп калды. Туугандарына 100 миң сом берүү керек. Ооруканага алып келип бере койгула" деп, акчасын алган.

Мындан улам шаардык милиция мындай учурларда акча берүүгө ашыкпай, мааалыматтын чын-төгүнүн тактап, алгач жабыркады деген адамдын өзү менен байланышууну эскертет.

Ал эми мындан бир ай мурда Бишкекте кемпирдин ишеничине кирип 8 миң доллар акчасын алдап кетти делген Пакистандын жараны кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0