UFC башчысы: Шевченко чемпиондук титул үчүн беттешке татыктуу

Бразилиялык Присцила Кечоейраны жеңгенден кийин кыргызстандык мушкер кыз UFC уюмунун жаңы рейтингинде биринчи орунду ээлеген. Мындан улам Шевченко жаңы дивизиондо чемпиондук кур үчүн талапкер боло алат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайттын айтымында, эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпиондук титул үчүн кыргызстандык мушкер менен курдун ээси Никко Монтананын беттешине аз калды.

Бул тууралуу ал Fox Sports каналындагы UFC Tonight эфиринде айтканын MMA Nytt порталы жазып чыкты.

​"Валентина титулдук беттешке татыктуу жана дивизионго коркунуч жараткан мушкер", — деп Уайт телеканалдын журналисттерине билдирген.

Бул арада Шевченко BJPeen.com басылмасына чемпиондук курдун ээси Никко Монтана менен жакын арада беттешерине үмүт артарын жар салган.

Шевченкодон утулуп калган Кечоейра операцияга даярданып жатат
Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер бразилиялык Присцила Кечоейраны жеңгенден кийин эле Никко Монтананы рингге чакырган.

"Мен психологиялык калыбына келтирип, дене боюмду чыңдоо үчүн аз мөөнөткө тыныгуу алып турам. Эми мен каалаган учурда, каалаган жерде беттешүүгө даярмын. Никко Монтано чемпиондугун көрсөтүп, рингде көрүшүүгө макулдугун берет деп ишенем. Март эртелик кылат го дейм, көрө жатарбыз. UFC уюмунун телефон чалуусун күтүш керек", — деп Шевченко билдирген.

UFC уюмунун UFC Fight Night 125 турниринин жыйынтыгы менен 8-февралда чыгарган рейтингинде кыргызстандык мушкер 57 килограмм салмакка чейинки категорияда биринчи орунду алган. Бул Шевченко үчүн жаңы салмактагы алгачкы көрсөткүч.