БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-февралдан 18-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы болорун эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондоруна кар түшөт.
15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт.
17-18-февралда кээ бир райондорго кар түшүп, электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңуп тайгалак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткү жаралышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо мал кармоону кыйындатат.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында элге эскертүү берилген. Ошондой эле өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарынын мэрине маалымат берилген.
Кыргызстанда февраль айында аба ырайы кандай болот?