Кытайдын ММА чемпиону Мамбеттокто: октагонго "кыргыз" деп чакыргыла дейм

Негизи спортто жыйынтык көрсөтүү оңой эмес. Жадагалса кичинекей Кыргызстандын ичинде элдин сүймөнчүлүгүнө айлануу кыйын. Ал эми дүйнөдө калкынын саны боюнча алдыда турган Кытайда ийгилик жаратууну элестетип жатасызбы?
Sputnik

Бир жолу YouTube каналында кыргыз мушкерлеринин беттешкен видеолорун көрүп атып, жагымдуу нерсеге дуушар болдум. Ал кытайлык кыргыз жигитинин алтын кур тагынган видеосу эле.

Балбан кыз Алтынай: атаандашымдын акырегин сындырып коюп, ооруканага барып жүрдүм
2017-жылдын 19-сентябрь күнү биринчи жолу кытайлык кыргыз Мамбеттокто Керимаалы уулу Кытай Эл Республикасынын ММА боюнча чемпионатында алтын курду багындырган. Муну менен кытайлык кыргыздарды эле эмес, жалпы кыргыз элин кубанычка бөлөгөн.

Кытайлык кыргыз мушкерин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы таап, бир топ суроолорго жооп алды.

— Мамбеттокто, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен 1991-жылы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу районундагы Артыш айылына караштуу Майдан кыштагында төрөлгөм. Кызыл-Суудагы №3 орто мектебинде билим алгам. Андан соң жогорку окуу жайын Сюйчжоу шаарындагы Курулуш институтунда окуп, англис тил жана эл аралык мамилелер адистигин аяктагам.

Эки бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуусу кыз. Апам бар, атам мен бир жашка чыга электе улак тартыш учурунда ат ичке катуу тээп, жаракатынан улам каза тапкан экен.

Быйыл 27 жашка аяк бастым. Үйлөнө элекмин, сүйлөшкөн кызым дагы жок. Бир-эки жылда чакан мамлекетимди курсам деген оюм бар. Азыр спорт менен гана алпурушуп жүрөм.

— Азыр сизди ММА мушкери катары таанып калдык. Деги эле спорт тармагына кантип аралашып калгансыз?

— Атам эл арасында өзүнүн балбандыгы менен белгилүү. Көзү тирүүсүндө абдан карылуу, күчтүү адам болгон дешет. Мен да кичинекей кезимде атамдын жолун жолдойм деп, балдар менен чалышып-тебишип ойночумун. Журтта той-торопо болгондо күрөшкө түшүп, элдин батасын алчумун. Үйдө күнүгө машыгып, ичип-чекпей, жакшы азыктанып өзүмө көңүл бөлдүм. Ал эми орто мектепте, студент кезимде жүгүрүү, күрөш боюнча сынактарга катышып жүрчүмүн. Жеңил атлетика боюнча 7 мелдешке катышып, анын бешөөнөн байгелүү кайттым.

Кытайлык кыргыз Таңнуру: Кыргызстанга келин болбойм деп келишим түзгөм
Андан соң биздин мамлекетте дагы ММА спорту өнүгө баштады. Университетте жүргөндө эрежесиз уруш боюнча машыктыруучу "беттештерге чыгасыңбы?" дегенде мен "ооба" дедим. Буга чейин "Манас" эпосун, "Эр Төштүк", "Курманбек" кыргыз элинин эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын даңазалаган кенже эпосторду окуп, кыргыз элимдин тарыхын аз да болсо изилдеп, алардан таасирленген соң "биз баатыр улут турбайбызбы, жаңы заманда дагы өз баатырдыгыбызды көрсөтөлү" деген ойго келдим. Ушундай ойлор дагы менин эрежесиз эр таймашты тандап алуума түрткү болду десем болот.

— ММА спортундагы жетишкендиктер тууралуу айта кетсеңиз?

— Негизинен 2014-жылы декабрь айынан баштап эрежесиз эр уруш менен машыга баштагам. Жалпысынан 21 профессионалдуу таймашка катыштым. Алардын 16сында жеңишти багындырып, бешинде тилекке каршы, жеңилүүгө дуушар болдум.

Эгер чоң беттештер тууралуу айта кетсем, 2015-жылы Гуанчжоу шаарында уюштурулуп, жалпы Кытай мушкерлери арасында өткөрүлгөн ММА беттешинде 3-орунду ээлегем. 2016-жылы Азиядагы эң масштабдуу деген "One Championship" турниринде өнөктөшүм менен тең чыктым. Америкалыктар Филиппинде уюштурган таймашта биринчиликти ээледим. Кореялык, россиялык мушкерлер менен дагы беттешип биринчи орундарды ээлеп жүрөм.

— Сентябрь айында жеке гана кытайлык кыргыздарды эмес, жалпы кыргыз элин кубанычка бөлөп Кытайдын ММА чемпионатында алтын кур тагындыңыз. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

Кытайдагы марафондо биринчи келген Адилет: жарыш алдында 20 саат ачка жүрдүм
— Рахмат, ушул жылдын 19-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасында ММА боюнча ири таймаш болду. Ага чейин жер-жерлерден мыкты мушкерлерди тандоо иштери жүргүзүлгөн. Акырында он мушкер тандалганбыз. Ошолордун арасынан утуп отуруп, жарым финалда эч утулбаган кытай мушкери менен өнөктөш болуп калдым. Таймаш мыкты болду, соңунда мен жеңишке жеттим. Анан чечүүчү жарышка жолдомо алдым. Ал эми финалда монгол улутундагы күчтүү мушкер менен биринчилик үчүн ат салыштык. Таймаштын үчүнчү айлампасында атаандашымды муунтуу ыкмасы менен утуп алдым. Ошентип алтын курдун ээси болуп, эрежесиз эр уруш чемпиону наамына татыдым.

Алтын курдун даражасы жогору. Бардык жактан сый көрүп, кытай эли, кыргыз элим колдоп жаткандыгына абдан ыраазымын. Ушундай ийгиликтерим менен элимди дагы кубанткым келет. Эл-журтумдун үмүтүн актоо — башкы максатым.

— Ал жактагылар кыргыз экениңизди билишеби?

— Мен беттештерге ар дайым ак калпак менен чыгам. Алып баруучуларды дагы "кытайлык кыргыз" деп чакыргыла дейм. Азыр кыргыздын атын далайга айтып, ак калпакты таанытууга убагыбыз келди деп ойлойм. Беттештерге калпак кийип чыкканыма сыймыктанам. Баатыр эл экенибизди ар дайым даңазалагым келет.

— Демек сиз этникалык кыргыздардан алгачкы болуп ММА боюнча Кытайдын чемпиондугун багындырган турбайсызбы?

— Ооба, биринчи жолу болуп жатат. Мен былтыр алтын курду багынтканда бул жактагы кытайлык кыргыз жигиттер ММАге абдан кызыгып, мени интернет аркылуу издешти. Алардын көбү менен жолугуп, кеп-кеңешимди айтып, айрымдарга спорттук клубдар менен келишим түзүүгө жардам бердим. Алар дагы аз убакыттан кийин жыйынтык көрсөтө башташат.

— ММА Кыргызстанда популярдуу спорттун түрүнө айланды. Кытайда кандай?

— Аралаш мушташ бизде кеңири тараганына 10 жылдай болуп калды. Кытайда кишинин саны көп экенин билесиздер. Мыкты спортчулар андан арбын. Арасынан суурулуп чыгып, талантыңды, өзгөчөлүгүңдү тартуулоо кыйын. Бул жактан мыкты натыйжа көрсөткөндөрдү жакшы колдошот. Бир спорт клубдун атынан чыгам, алар мага колдоо көрсөтүп, беттештеримди түзүп беришет.

— Азыр бардык эле спортчунун кыялы — UFC спорттук уюмунун турниринде ат салышуу. Сиздечи?

— UFC уюму эрежесиз уруш мушкерлеринин күч сынашуудагы жеткен чеги. Аталган уюмдун өкүлдөрү Шанхайда дагы беттеш өткөрүштү. Мен айрым себептерге байланыштуу катыша албай калдым. Эмкиде мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайм деп ойлойм. 

Этнический кыргыз Мамбеттокто Керимаалы уулу

— Ар бир мушкердин спорттук ыкмалары болот эмеспи. Сиз көбүнчө кандай жол менен атаандаштарды алсыратасыз?

— Мен үч жыл бою бразилиялыктардын кайруу, муунтуу, толгоо ыкмаларын үйрөнүп чыктым. Бирок бул башкы өзгөчөлүгүм деп айта албайм. Эң негизгиси айла-амал, акыл керек. Тек гана атаандаштын күчтүү жана алсыз жерин аңдап чыгып, ыңгайы келгенде туура жол таап кетүү зарыл.

— Кыргызстанда болдуңуз беле?

— Кыргызстанда бир да жолу болгон эмесмин. Бирок ар дайым маалымат алып турам. Негизи көргүм келет. Өзгөчө маданият жана спорт жаатында тажрыйба, карым-катнаш, алаканы жакшырткым келет.

— Бизде акыркы жылдары спорттук лигалар уюшулуп, ММА боюнча беттештерди өткөрүп келишет. Эгер күч сынашууга сунуш түшсө кабыл аласызбы?

ММА мушкери Немат: апам мени беттештерде аяйт окшойт, бирок билдирбейт
— Чакыртып кала турган болсо, акчасына карайбыз. Ар бир мушкер даражасына карап бааланат. Беттеш үчүн болбосо деле боордоштор менен спорттогу топтогон тажрыйбамды бөлүшүүгө, алар менен пикир алмашууга даярмын. Кыргызстанда мыкты мушкерлер бар экендигине ишенем. Кээде интернеттен видеолорун көрүп калам. Атын деле билбейм, бирок эсимде калганы Ак аюу деген жигит бар экен (Мыктыбек Мамасалиев — ред). Дагы бир мушкер Бусурманкул (Бусурманкул Абдубаит уулу — ред.) эсимде.

— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Келечекте кыргыздардын спорттук клубун түзүп, жаштарды тарбиялап, алган тажрыйбам менен бөлүшсөм деген изги тилегим бар. Ошол клубду түптөп чыгуу менен инилериме жол ачып, өзүм жете албай калган ийгиликке шакирттеримди жеткирип, чет өлкөдө кыргыздын желегин желбиретсемби дейм.

Мени колдогон ар бир журтташыма, кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабайлы, ар дайым ынтымак болуп, бири-бирибизди колдойлу.

— Сөз соңунда боордоштордун ал-акыбалы тууралуу сурап кетпесек болбос.

Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
— Кытайлык кыргыздар Кызыл-Сууда көбүрөөк жайгашкан. Салт-санаа, үрүп-адат, маданиятыбызда анча-мынча айырмачылык болушу мүмкүн. Элибиз, жерибиз тынччылыкта, аманчылыкта, токчулукта өмүр сүрүүдө. Балдарыбызды агартуу жагына көбүрөөк ыктап жаткан чагыбыз. Менин убагымда кыргыз мектептер жок болчу. Азыр кудайга шүгүр. Кыргыз тилинин келечегине санааркагандар көп. Балдарга эне тилди көбүрөөк окутуп жатабыз. Баары жакшы, тең жашоодо күн кечирип келебиз.