БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы жылдык концерттен кийин “Ала-Тоо” аянтынан 10 тоннага чукул таштанды чыгарылды. Бул туурасында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Борбордук аянтка 10 евроконтейнер жана 8 желим таштанды челек коюлган.
“Жаңы жыл түнүндө “Ала-Тоо” аянтын тазалоого 60 жумушчу жана 6 атайын техника тартылган. Мунусунда биз былтыркыга салыштырмалуу жарым саатка эрте тазалап бүттүк”, — деди Каракеева.
Жалпы жонунан сегиз жүк ташуучу унаа таштанды чыгарылып, тазалоо иштери саат 1.30да жыйынтыкталган.
Ал эми Ош шаарынын борбордук аянтынан 40 куб, же болжол менен сегиз тонна таштанды чыгарылган. Тазалоо иштери 4.30да башталып, жалпы жонунан 35 жумушчу жана эки техника тартылган. Учурда ишкана кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле борбордук аянтты таштандылардан арылтууга активдүү жаштар да көмөктөшкөнү кошумчаланат.