5-октябрда Пенсильвания штатынын Клинтон округунда полиция кызматкерлери 28 жаштагы кыргызстандык кишини атып салышкан. Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматына караганда, жаран жүк ташып иштеп жүргөн. Жумуштан айдалгандан кийин үч миң доллар айлыгын ала албаганына ызаланып жүк ташуучу унааны айдап кеткени, кийин полициянын автосун какканы боюнча маалыматтар тараган.