Балдарды COVID-19га каршы эмдөө жаңы жылдан тарта башталышы мүмкүн

© AFP / MARVIN RECINOSБала COVID-19га каршы вакцина алып жатат. Архив
Бала COVID-19га каршы вакцина алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Изилдөөгө мурда коронавируска кабылбаган, препаратка каршы көрсөтмөсү жок жана дени сак балдар катышары айтылган.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Коронавируска каршы балдарга вакцина саюу 2022-жылдын январынан тарта башталышы мүмкүн, учурда клиникалык сыноолор жүрүп жатат. Бул тууралуу Москвадагы № 52 клиникалык шаардык оорукананын башкы дарыгери Марьяна Лысенко билдиргенин РИА Новости жазды.
Учурда Россиянын борборунда 12-17 жаштагы өспүрүмдөр үчүн вакцина атайын сыноодон өтүп жатат. Изилдөө 5-июлда эле Морозов жана Башляева атындагы балдар ооруканаларында башталган. Эмдөө "Спутник V" вакцинасы менен жүргүзүлүп, балдарга колдонулчу доза чоңдордукунан алда канча аз болору да кабарланган. Изилдөө бир жылга созулуп, бул аралыкта балдар ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.
"Азырынча бул жаатта активдүү иштеп жатабыз. Январдан тарта эмдөө башталат. Учурда клиникалык сыноолор жасалууда, бирок азырынча жыйынтык чыга элек. Азыр баары жакшы бара жатат, декабрь-январда Гамалеядан балдар вакцинасы чыгат деп ишенип турабыз", — деди Лысенко балдарды коронавируска каршы эмдөө боюнча айтып берип жатып.
Изилдөөгө мурда коронавируска кабылбаган, препаратка каршы көрсөтмөсү жок жана дени сак балдар катышары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0