Путин: мигранттарды вакцинациялоону 15-июлга чейин баштоо керек

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Вакцина улуу үчүн мигранттын каттоосу жана медициналык камсыздоо полиси болушу шарт. Бул документтери жок мигранттар федералдык мыйзамга ылайык акысыз вакцина ала албайт.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өлкө аймагында иштеп жүргөн мигранттарды коронавируска каршы эмдөө иштерин 15-июлга чейин баштоо жана каржылоо булагын чечүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.
COVID-19га антителону аныктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
COVID-19га антителону акысыз аныктоо: изилдөөгө аймак тургундары чакырылат
Буга чейин коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасы жакынкы күндөрү толугу менен каттоодон өтүп, ошондон тарта Москва шаарында эмгек мигранттарын эмдөө жайлары ачылары кабарланган. Вакцина алуу үчүн мигранттын каттоосу жана медициналык камсыздоо полиси болушу шарт. Бул документтери жок мигранттар федералдык мыйзамга ылайык акысыз вакцина ала албайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0