COVID-19га антителону акысыз аныктоо: изилдөөгө аймак тургундары чакырылат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүCOVID-19га антителону аныктоо. Архив
COVID-19га антителону аныктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Долбоорду Санкт-Петербургдагы "Профилактикалык медицина" илимий биримдиги менен Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун адистери жүргүзөт.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Профилактикалык медицина" илим-изилдөө биримдиги аймактардын тургундарын COVID-19га каршы антителосу бар же жогун акысыз аныктоого чакырат. Мындай жол менен калктын иммунитетин изилдөө максатталып жатат.
Иликтөөлөр бардык жети облуста жана Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлөт. Маалымат коронавируска каршы иш-чараларды пландоо үчүн колдонулат.
Адистер 10 752 кишини иликтөөгө алууну пландап жатат. Изилдөөгө стационарда же амбулатордук дарылануудан өтүп жаткан жарандар катыша албайт.
"Изилдөөнүн этаптары: маалымат кампаниясы, анкета толтуруу жана кан алуу кирет", — деп айтылат маалыматта.
Изилдөөгө катышуу үчүн https://pasteurclinic-anketa.ru/all_antitela.php?reg_id=102 дареги мен катталуу керек.
Долбоорду Санкт-Петербургдагы "Профилактикалык медицина" илимий биримдиги менен Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун адистери жүргүзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0