19:37 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Россия
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (837)
341 0 0

Учурда Песков менен Навканын ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Аялынын оорусу жеңил өтүп, ал эми күйөөсүнүн кайра калыбына келишине узагыраак убакыт керек болору кабарланды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун жубайы Татьяна Навканын COVID-19 жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу РИА Новости Navka Show компаниясынын маалымат кызматына таянып билдирди.

Ал чемпиондун оорусу жеңил түрдө өтүп жатканын айткан.

"Татьяна Навка менен анын жолдошунун (Дмитрий Песков – ред.) тапшырган тестинен COVID-19 жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар учурда ооруканага жатып, дарыланууда. Татьянанын оорусу жеңил өтүүдө, дени соо деп айтсак деле болот. Дмитрий Сергеевич деле өзүн жакшы сезип жатат, бирок кайра калыбына келишине узагыраак убакыт керек болот", — деп билдиришкен алар.

Эске салсак, буга чейин Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун коронавирус жуктуруп алганы бүгүн маалым болгон. 

Ал эми 30-апрелде болсо Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Соңку маалыматтарда ал өзүн жакшы сезип, кесиптештери менен онлайн иштеп жатканы айтылган.

Ошондой эле 1-майда вирус менен Курулуш министрлигинин башчысы Владимир Якушев ооруканага жаткырылса, 6-майда маданият министри Ольга Любимовадан вирус аныкталган.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (837)

Тема боюнча

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирус жуктуруп алды
Белгилер:
оорукана, оору, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ