13:55 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510

Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
243 0 0

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Талант Калыков үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкөдө тесттик режимде 5G интернети иштей баштаарын айтты.

5G интернетин алгач сынамык иретинде борбор калаага орнотолу деп турабыз. Кайсы жерде болору азырынча белгисиз, соода түйүндөрүнүн бирине жайгашышы мүмкүн. Бул тууралуу Талант Калыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет

Анын айтмында, 5G интернетинин адам ден соолугуна тийгизген таасири учурда колдонулуп жаткан 4G интернетинен айырмаланбайт.

"5G интернетин Кыргызстанга ушул жылдын аягында алып келүүнү пландаштырып жатабыз. Сынамык иретинде ал борбор калаада гана иштейт. Ал эми жалпы калкка жайылтуу иштери колдонуучулардан көз каранды. Эгер эл талап кылып, ошого ылайыкташкан жабдыктар сатыкка чыгып колдонула баштаса, анда бат эле аймактарга да тарап кетет. Мисалы, 4G интернетин деле уюлдук операторлор 2020-жылы толук кандуу ишке киргизүүнү мерчемдешкен эле. Бирок эл өзү колго алып, талап пайда болгондуктан белгиленген мөөнөтүнөн эрте эле жайылып кетти. 5G тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтар калк арасында тарап жүрөт. Анын баары чындыкка дал келбейт. Айтылып жүргөндөй, адам ден соолугуна же экологияга  эч кандай зыяны жок. Болгону интернеттин ылдамдыгы жакшырат", — деди Калыков.

Ошондой эле ал жалпы республика боюнча интернеттин сапатын жогорулатуу иштери да колго алынып жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү башталды
Белгилер:
санарип, 5G, интернет, Талант Калыков

ЭҢ МААНИЛҮҮ