Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдубаева: кайрылман күбөлүгү паспорттой эле кызмат көрсөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист департамента регистрации населения и актов гражданского состояния при ГРС Гулбарчын Турдубаева
Главный специалист департамента регистрации населения и актов гражданского состояния при ГРС Гулбарчын Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин башкы адиси Гүлбарчын Турдубаева кайрылман күбөлүгүн алууга көбүнесе Тажикстан, Өзбекстан жарандары кайрыларын айтты.
Турдубаева: кайрылман күбөлүгү паспорттой эле кызмат көрсөтөт

Башка өлкөлөрдө жашап кайрадан Кыргызстанга келген этникалык кыргыздар кайрылман күбөлүгүн ала алышат. Аны алуу жолдору оңой эле. Бул тууралуу Гүлбарчын Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кайрылман күбөлүгү барлар мамлекеттик кызматка баруудан сырткары, Кыргызстандын жарандары колдонгон бардык кызматтарды пайдалана алышат.

"Кайрылман күбөлүгүн алуу оңой эле. Ал үчүн болгону тиешелүү органдарга баруу керек. Кээ бирлер күбөлүк алууда өздөрү тууралуу гана маалымат берип, балдары жөнүндө айтпай коюшат. Жыйынтыгында паспорт алуу, мектепке, бала бакчага кабыл алуу, ооруканага кайрылууда маселе жаралууда. Кайрылман күбөлүгү паспорттой эле кызмат көрсөтөт. Мисалы, адам паспорт ала элек болсо наристесине күбөлүк аркылуу эле документ берилет. Күбөлүк алынган күндөн тартып бир жылдык мөөнөткө жарактуу", — деди Турдубаева.

Адис кайрылман күбөлүк ээлерине кошумча жеңилдиктер да караларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0