00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төлөнбаев: Бишкектин булганган абасынан бет кап коргой албайт

© Sputnik / Асель СыдыковаСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмгек гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Алтай Төлөнбаев
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмгек гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Алтай Төлөнбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмгек гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Алтай Төлөнбаев борбор калаада абанын булганышынын 80 пайызы автоунаалардан чыккан түтүндөн улам экенин айтты.
Төлөнбаев: Бишкектин булганган абасынан бет кап коргой албайт

Автомашиналардан чыккан зыяндуу заттардан бет кап коргой албайт. Ал болгону катуу, колго урунуп, көзгө көрүнгөн чаңдардан сактайт. Ошондо да дарыканадагы бир жолку тагынуучу эмес, атайын маскаларды кийүү керек. Алар бизде сатылбайт. Бул тууралуу Алтай Төлөнбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калаадагы абанын булганышы өзгөчө жаш балдарга олуттуу зыян алып келүүдө. Автоунаалардан чыккан түтүн, зыяндуу газдар төмөн жактагы абаны кирдетет. Андан коляскада отурган наристелер, апалары менен сейилдегени чыккан балдар дем алат. Андыктан шаардагы машина көп жүргөн көчөлөрдүн жээгинде балдар менен сейилдебеш керек.

"Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин берген маалыматы боюнча, Бишкектин абасынын 80 пайызын автомашиналар, 14 пайызын ТЭЦ, калганын жеке секторлордун жаккан резина, түрдүү химиялык каражаттары булгайт. Мындан сырткары, курулуштар башаламан жүргөндүктөн, тоо тараптан келип, ылдый жактан чыгып кетчү желди бууп, шаардын ортосунда калтырууда. Ал эми автоунаадан чыккан газ бир эле дем алуу органдарынын дартын пайда кылбай, адамдын иммунитетин түшүрүп, жүрөк, кан тамыр ооруларын да алып келет. Бул зыяндуу заттар өзгөчө кары-картаңдар, жаш балдар үчүн кооптуу. Ал эми бет кап кийип алып көчөдө жүрүү коркунучтун алдын алат деген жаңылыштык. Анткени ал газ болгондуктан кандай гана беткап тагынса да дем алуу аркылуу организмге кирет. Андай сактай турган маскалар азырынча биздин өлкөдө сатыла да элек", — деди Төлөнбаев.

Ал аба булганып турган мезгилде көчөгө көп чыкпай, эшиктен үйгө кирген соң денени чайкап, көбүрөк суу ичүүнү сунуштады.

Айта кетсек, буга чейин шаардык мэрия учурда Бишкекте аба булганып тургандыгын, андыктан ден соолугу начар адамдарга бет кап кийүүнү эскерткен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0