Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакчиев: "Манас" жана Айтматов академиясын түзүү чечими — саясий кадам

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат филологических наук, представитель общественного фонда "Саякбай манасчи" Талантаалы Бакчиев
Кандидат филологических наук, представитель общественного фонда Саякбай манасчи Талантаалы Бакчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү кыргыз тарыхы үчүн маанилүү кадам экендигин айтты.
Бакчиев: "Манас" жана Айтматов академиясын түзүү чечими — саясий кадам

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүүнү саясий чечим деп түшүнөм. Мындай пикирин Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер Кыргызстан азыр бул кадамды жасаба, эртеңки күнү "Манас" эпосун башка улуттарга тарттырып жиберүүсү мүмкүн эле.

"Аталган академияны түзүү мезгил талабы болуп турган. Керек болсо убагынан кечигип бул темага кайтып келдик деп айта алам. Буга чейин эле мындай академия түзүлсө болмок. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы бир эле адабиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты, тарыхты колдоо эмес, саясий чечим деп түшүнүү керек. Анткени Кыргызстан азыр муну жасабаса, башка эл, башка өлкөлөр ишке ашырмак. Ошол эле Кытай Эл Республикасында азыркы күндө "Манас" жана гесер улуттук борборлору бар. Алар "Манас" академиясын ачып албайт деп ким кепилдик бере алат. Эгер мындан ары да улут байлыгы болгон эпоско кайдыгер мамиле кылып жүрө берсек, эртеңки күнү башка эл мындай институттарды ачса бармак тиштеп, баш чайкап калып калмакпыз", — деди Бакчиев.

Манасчы аталган эпосту улуттук идеологияга айландыруу да учур талабы болуп турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0